Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Хакасияда кыргызстандык жаран айыпталууда


Орусиянын Хакасия республикасында кыргызстандык жаран ​ "экстремисттик топко кошулууга аракеттенген" деп шектелүүдө. Хакас прокуратурасы кабарлагандай, бул боюнча иш ​Усть-Абакан райондук cотуна өттү.

Тергөөнүн билдирүүсүндө, айыпталган адам өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган эл аралык террордук уюмдун жактоочусу болушу мүмкүн. Ал мыйзамсыз түзүлгөн куралдуу топтордун катарына кирүүнү көздөп Дагстанга бара жатканда кармалып, камакка алынган.

Расмий маалыматтар боюнча, Ирак менен Сирияда ар кайсы экстремисттик топтордун катарына тартылган кыргызстандыктардын саны 500гө чукул. Анын 120дан ашууну аялдар. Согушта 40ка жакын адам каза тапкан. (NT)

XS
SM
MD
LG