Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

“Мекендештер” форуму быйыл Ошто өтөт


2012-жылы өткөн "Мекендештер" форуму
2012-жылы өткөн "Мекендештер" форуму

Экс-президент Роза Отунбаева бүгүн журналисттер менен жолугушууда билдиргендей, “Мекендештер” форуму августтун башында Ош шаарында болот. Форумду “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду быйыл үчүнчү жолу уюштурууда. Эки жылда бир боло турган иш-чара ар кайсы мамлекеттерде жашап, иштеп жаткан мекендештердин башын бириктирет. Былтыр форум “Кыргызстандын келечегине салым” деген ураан менен Бишкекте өткөн. Ага 25 өлкөдө жашап, иштеп жүргөн 300гө жакын кыргызстандык катышкан.

“Мекендештер” форуму алгач 2012-жылы 2-3-августта уюштурулуп, ал шеринеге 18 өлкөдөн 250гө жакын кыргызстандык келген эле. (NT/RK)

XS
SM
MD
LG