Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Өмүрбек Текебаев президентке кат жолдоду


Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев
Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаев

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өз катында криминалдык төбөл делген Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошоткон судья Жапар Эрматовду Нарын облусунун район аралык сотунун судьясы кызматына дайындоодон баш тартууга президент Алмазбек Атамбаевди чакырган. Ошондой эле 2013-жылдагы чуулгандуу окуяга карабай Эрматовдун бүгүнкү күндө да Нарын шаардык сотунда иштеп, кызматынан дагы көтөрүлүүгө умтулуп жатканына нааразылык жазылган.

2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту он алты жылга кесилген Азиз Батукаевди "айыккыс ооруга чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен.

Батукаев түрмөдөн эртелей бошонуп кеткенден кийин ага коюлган диагноз туура эмес экенин депутаттык комиссия иликтеп чыккан эле. 2014-жылы Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Нарын шаардык соту мурдагы чечимин жокко чыгарган. (NT)



XS
SM
MD
LG