Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Украинадагы орус фотокабарчысынын өлүмү тастыкталды


Август айынын башында Украинада дайынсыз жоголгон "РИА Новости" агенттигинин фотокабарчысы Андрей Стенин каза тапканы расмий тастыкталды. Бул тууралуу бүгүн Орусиянын Тергөө комитетинин экспертиза жыйынтыгына таянып агенттиктин жетекчиси Дмитрий Киселев билдирди. Анын айтымында, Стениндин сөөгү орусиячыл жикчилер көзөмөлдөп турган Донецк облусунда табылган. Мурдараак Стенинди украин коопсуздук күчтөрү барымтада кармап турат деген кабар тараган болчу. Бирок ал отуруп бараткан машина Донецкте аткыланып, күйүп кеткени аныкталды. (RK)

XS
SM
MD
LG