Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:24

Садиевдин жакындары УКМК алдында кайрадан акция өткөрүштү


Ошто өз үйүндө өлтүрүлгөн ишкер Жеӊиш Садиевдин жакындары айыпталуучулардын сотко келбей койгонуна нааразы болуп УКМКнын Оштогу башкармалыгынын жанына бүгүн нааразылык акциясына чыгышты. Маалыматка ылайык, күнөөлөнүп жаткандар ден соолугуна байланыштуу бүгүнкү сотко келген эмес.

УКМК өкүлү маселени сот гана чечерин айтты.

Садиевди өлтүрүүгө шектелип, Ислам Султанов жана Таалай Нуриев аттуу жергиликтүү тургундар кармалган. Аларды УКМКнын абагынан чыгарып, тергөө абагына которууну маркумдун туугандары талап кылып келет.

Жеке ишкер, Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун тууганы экени айтылган Жеңиш Садиевди быйыл 30-апрелде Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылындагы үйүнөн атып кетишкен. Чачма мылтыктын огунан жараат алган 37 жаштагы Садиев ооруканада жан берген. (YI)

XS
SM
MD
LG