Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:50

Орусиянын “кара тизмесинен” чыгарылган кыргызстандыктардын саны улам өзгөрүүдө


Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен кабарлашты. Учурда “кара тизмеден” 1 миң 100 кыргызстандык чыгарылган. Буга чейин аталган министрлик Орусия Федерациясына кирүүгө тыюу салынган 2 миң кыргызстандыкты тизмеден чыгаруу тууралуу орусиялык кесиптештерине арыз жолдогон.

Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаевдин айтымында, 900 арызга терс жооп келген. Бирок министрлик тизмени кайрадан жөнөткөн. Бекмурзаев миграциялык маселеде Кыргызстан кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу бир кыйла ийгиликтерге жетише алганын айтты. Азырынча Тажикстан да, Өзбекстан да бир дагы жаранын “кара тизмеден” чыгара элек.

Жакын арада министрлик чет өлкөдө иштеген мигранттар эмнелерге өзгөчө көңүл бурушу керектигин баяндаган тасма чыгара турганы маалым болду. (ZMa)

XS
SM
MD
LG