Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Бүгүн КТРКнын башчылыгына талапкерлерден документтерди кабыл алуу токтойт


Коомдук Биринчи каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы Илим Карыпбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, буга чейин болгону төрт талапкер документин тапшырды. Шайлоо төрт баскыч менен өтөт: арыздарды кабыл алуу, документтер боюнча тандап алуу, талапкерлер менен маектешүү жана добуш берүү.

Илим Карыпбеков башкы директорду жылдын соңуна чейин тандап алуу пландалып жатканын белгиледи:

- Биз бир журналистти, же ошол тармактагы адамды тандабастан, Байкоочу кеңеш менеджерди тандайбыз деген чечимге келдик. Ал эми менеджер болсо ар кандай кесиптин ээси болушу мүмкүн. Ошондуктан биз бул жагынан чек койгон жокпуз.

1-августтан тарта Коомдук Биринчи каналды Султан Жумагулов жетектеп келатат. Мурдагы жетекчи Кубат Оторбаевдин кызматынан өз каалоосу менен кетүү жөнүндөгү арызын КТРКнын Байкоочу кеңеши 24-июлда канааттандырган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG