Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:38

Маматалиев Баткен облусундагы кышка даярдыкты сынга алды


Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Баткен облусунун кышка даярдык боюнча штаб жетекчилерин сынга алды. Штабдын отурумунун жүрүшүндө облустагы атайын мекемелердин жылуулук мезгилине даяр эместиги анык болду.

Абдрахман Маматалиев Баткен облусунун жашоочулары жарык эч эскертүүсүз 14-16 саатка өчүрүлүп жатканын айтып даттанып жатышканын белгилеп, жарык мынча убакытка өчүрүлө турганын ким аныктаганын, эмне үчүн электр энергиясына киргизилип жаткан чектөөлөрдүн графиги калкка жетпей жатканын сурады.

Абдрахман Маматалиев ушул күндөрү Баткен облусунда Энергетика министрлигинин өкүлдөрү менен өкмөттүн жаңы тарифтик саясаты боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрөт. Бүгүн Маматалиев Баткен облусунун 15 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга катышат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG