Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Москвадагы рейдде кармалгандар арасында кыргызстандыктар бар


Москванын полициясы 23-октябрдан бери жүргүзүп жаткан “Мигрант-2014” аттуу рейдде кармалгандардын арасында ондогон кыргызстандыктар бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Кармалган кыргызстандыктардын так саны жакын арада белгилүү болмокчу.

23-октябрда башталган рейддин алкагында 27 миң чет өлкөлүк полиция бөлүмдөрүнө жеткирилип, өздүгү текшерилген. Полиция мигранттардын арасынан Орусияда мыйзамсыз жүргөндөрдү жана кандайдыр бир кылмыш же соттук териштирүүлөргө тиешеси барларды да аныкташкан. Натыйжада 7 миң адам административдик жоопкерчиликке тартылып, 126 адам Орусиядан чыгарылмай болду. (BkA)

XS
SM
MD
LG