Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:00

Чек арада кыргыз жаранына ок атылды


10-ноябрь күнү Кызыл-Кыя –Кадамжай жолунда кыргызстандык жарандарга Өзбекстандын чек арачылары ок атышты.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргызстандык жарандар жолдун четине Hyundai Porter унаасын токтотуп коюп, андагы жүктү түшүрүп жаткан. Ошол учурда алардын жанына өзбек чек арачылары келип, аларды кармоого аракет кылышкан. Каршылык көрсөткөн жарандардын бирине ок чыгарышкан, натыйжада жарадар болгон жаран Өзбекстандын Вуадиль аймагындагы ооруканага жеткирилген. Экинчи жаран Кыргызстандын чек арачылары тарабынан кармалып, УКМКнын жергиликтүү башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Өзбек чек арачыларынын маалыматы боюнча кыргызстандык жарандар аткезчилик жүк алып баратышкан.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы учурда бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.

Кызыл-Кыя-Кадамжай жолу транзиттик жол болуп эсептелет. Кыргызстандык автоунаалардын ал жолдо токтоого укугу жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG