Бүгүн эртең менен жер титиреген Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылында мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык объекттер жана айрым турак үйлөр керектен чыкты. Ушуга байланыштуу окуу процесси убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаты Рустам Өмүров билдирди.
Бүгүн эртең менен Ысык-Көл облусунун аймагында эки жолу жер титиреди. Саат жети жарымда 7 балл, сегизде 4 балл болду. (UEz/RK)