Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

ЖК маалымат катчысы спикердин сөзүн четке какты


Асылбек Жээнбеков
Асылбек Жээнбеков

Жогорку Кеңеш төрагасынын маалымат катчысы төрага Асылбек Жээнбеков «Азаттык» радиосуна карата чара колдонуу жөнүндө парламенттин эки комитетине эч кандай протоколдук тапшырма бербегенин айтып чыкты.

Өткөн айда "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" программасы Жогорку Кеңеш депутаттарына мамлекеттен бөлүнгөн каражат тууралуу атайын иликтөө чыгарган соң, 26-февралдагы парламент жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков коопсуздук жана билим берүү маселелери боюнча комитеттери Кыргызстандагы маалымат коопсуздугун көзөмөлгө алуусу керектигин айтып чыккан эле.

- Жогорку Кеңеш идеалдуу деп айтуудан алысмын, кемчиликтер көп. Жакшы болгонго аракет жасап жатабыз. Бирок Коомдук телевидениенин убактысы менен пайдаланып, 100% чет мамлекет каржылаган маалымат каражаты мамлекетке каршы саясат жүргүзгөнү болбойт. Бирөө муну көзөмөлдөшү керек, - деген парламент жетекчиси.

Бул билдирүүдөн соң бүгүн маалымат каражаттарынын айрым өкүлдөрү спикерге кайрылуу жолдоп, “Азаттыктын” атайын иликтөөсүнө байланыштуу протоколдук тапшырманы кайтарып алууга чакырган. Мындан улам ЖК маалымат кызматы билдирүү таратып, спикер айрым депутаттардын бул иликтөө тууралуу пикирлеринен соң маалыматтык коопсуздук жөнүндө ойлонуу керектигин айтканын, бирок анда кайсы бир маалымат каражатынын аккредитациясын алып салуу тууралуу кеп болбогонун билдирди.

Тасмада: Спикердин "Азаттыктын" иликтөөсү тууралуу айтканы, 26-февраль, 2015.

XS
SM
MD
LG