Аксы районунун Боспиек айылында бүгүн 13 жыл мурунку кандуу окуянын курмандыктары эскерилет. Райондук администрациядан билдиришкендей, иш-чарага мерт кеткендердин жакындары, биринчи вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев баштаган өкмөт өкүлдөрү жана президенттик администрациянын аппарат жетекчисинин орун басары Икрам Илмиянов катышат.
Аскар Акаевдин бийлиги учурунда, 2002-жылы 17-мартта Жалал-Абаддын Аксы районунда тынчтык митингинин катышуучуларына каршы ок атылып, алты киши каза тапкан. Митинг саясатчы Азимбек Бекназаровду абактан бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга берүүгө каршылык билдирүү максатында өткөрүлгөн болчу. (RsK)