Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:44

«Арстан» клубу хоккей боюнча өлкө чемпиону болду


Хоккей боюнча Кыргызстандын быйылкы чемпиону Бишкектин “Арстан” клубу аталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов билдирди. Анын айтымында, 17-мартта Бишкекте хоккей боюнча өлкө чемпиондугунун 3-турунун акыркы оюндары өткөн. Финалда “Арстан” клубу Нарындын “Ала-Тоо Дордой” командасын жеңип, өтмө кубоктун ээси болду. 3-орун үчүн беттеште Кыргыз темир жолу ишканасынын “Локомотив” командасы “Жумгал Шортон” оюнчуларын утуп алды. Чемпиондуктун жыйынтыгы менен Кыргызстандын улуттук курамасына кирген оюнчулардын тизмеси такталды. Улуттук кураманын оюнчулары апрель айында Кувейтте өтө турган Азиянын чакырык кубогунун мелдештерине даярданышат. (Ech)

XS
SM
MD
LG