Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Орус өкмөтү Кыргызстандагы энергетика долбоору боюнча атайын топ түздү


Орус өкмөтү Кыргызстанда ишке ашыра баштаган гидроэнергетикалык долбоорлоруна байланыштуу атайын жумуш топ түздү. Бул тууралуу кечээ Бишкекте өткөн жолугушууда Орусиянын энергетика министринин орун басары Юрий Сентюрин билдирди. Анын айтымында, бул топ мекеме аралык форматта иштейт.

Орус тараптын айтымында, долбоор боюнча чечкиндүү позиция бар жана ал президент Владимир Путиндин жеке көзөмөлүндө турат. Орус президенти бул жаатта динамиканы күчөтүү талабын коюуда.

Кыргыз тараптан сүйлөшүүгө энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев катышты.​ Анын айтымында, гидроэнергетикадан тышкары газ тармагы боюнча да эки тараптуу долбоорлор каралууда. "Айрым маселелер бар, бирок алар жакын арада чечилет" деди Турдубаев.

Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга негизги инвестор кылып Кыргызстан Орусияны тандаган. Долбоор 732 миллион доллар деп бааланган. Бирок бул чыныгы баадан эки эсе көп экенин көз каранды эмес талдоочулар айтып келет.

Өткөн жылдын соңунда орус өкмөтүнүн вице-премьери Аркадий Дворкович "РусГидро" менен "Интер РАО ЕЭС" ишканаларынын жетекчилерине Орусияда башталган экономикалык кризиске байланыштуу Кыргызстандагы долбоорду кайра карап чыгуу тапшырмасын берген.

Расмий булактар курулуш жүрүп жатат дегени менен иш токтоп калганын көз каранды эмес байкоочулар айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG