Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Кыргызстанда миңден ашык чакан ГЭС курса болот


Бул туурасында бүгүн “Электр энергиясынын проблемалары жана аларды чечүү жолдору” аттуу жыйында энергетика тармагы боюнча адистер айтышты. Отун-энергетикалык комплексин тескөө боюнча агенттик мындай чакан ГЭСтерди куруу үчүн электрге тарифтерди жогорулатуу керектигин билдирди. Анткени инвесторлор бул тармак кирешелүү болооруна көзү жеткенде гана ГЭС курууга кызыгышы мүмкүн.

Кыргызстанда ушул тапта 13 чакан ГЭС бар. Алардын тогузу өкмөткө карайт.

Өкмөт өткөн жылдын этегинде энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү үчүн Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлор иштелип чыга турганын билдирип, буга байланыштуу Германиянын тажрыйбасы менен таанышып келген болчу. (AzK\SE)

XS
SM
MD
LG