Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

Таласта төө буурчакты сатуу маселеси каралат


Улуттук оппозициялык кыймылдын экс-төрагасы Равшан Жээнбеков бүгүн Таласта жергиликтүү эл менен жолугуп, Түркияда бул жаатта болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берет. Депутаттын айтуусунда, жолугушууда кыргыз фермерлерин Түркияга алып барып окутуп келүү, түрк айыл чарба өкүлдөрүн өлкөгө чакырып, жагдай менен тааныштыруу жана төө буурчак тармагын системалуу түрдө өнүктүрүү үчүн "Кыргыз төө буурчагы" ассоциациясын түзүү маселелери талкууланат.

Депутаттын маалыматында азыр эки өлкөнүн айыл чарба министрликтеринин ортосунда кызматташуу боюнча меморандум түзүлүп жатат.

Равшан Жээнбековдун бекемдешинче, жолугушууда саясат тууралуу сөз болбойт.

Былтыр Таласта дыйкандар төө буурчак баасынын мурдагы жылкыдан арзан болуп жатканына нааразы болгон. Мурдагы жылы төө буурчак алды 120 сомдон бааланса, былтыр 60 сомдун тегерегинде гана сатылды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG