Ош улуттук драма театрында “партиялардын жармаңкеси” аттуу иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Жармаңкеге 12 саясий партия катышып жатат. Алар өздөрүнүн программаларын шайлоочуларга тааныштырууда. Миңге чукул адамды чогулткан иш-чарага КСДП, “Ата Мекен”, “Республика Ата-Журт” партияларынын Оштогу өкүлдөрү да катышууда.
Кыргызстанда расмий каттодон өткөн саясий партиялардын саны 200дөн ашты. Быйыл күздө Жогорку Кеңешке кезектеги шайлоо өтөт. (ErN)