Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:03

Баткен: аткезчилик кылган жаран кармалды


Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, 12-апрелде Айдаркен чек ара отрядынын чек арачылары аткезчилик менен жүк алып өтүп бараткан кыргызстандык жаранды кармашты. Кармалган жаран Daewoo Damas автоунаасы менен 15 куту косметикалык каражаттарды Өзбекстанга ташып бараткан. Жүктүн баасы болжол менен 150 миң сом деп айтылууда.

Аталган жарандын жүгү Мамлекеттик бажы кызматына өткөрүлүп берилди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG