Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Жогорку Нарын ГЭСтери үчүн каражат бөлүү май айында чечилет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Нарын гидроэлектростанция жабык акционердик коомунун башкармалыгынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Петр Черняк билдирди. Анын белгилешинче, финансы-экономикалык абалга байланыштуу каражат бөлүү өзгөргөн. Бул маселе эми май айында чечилет.

Жогорку Нарын каскадында төрт ГЭС курулат. Аны Орусиянын “Русгидросу” менен Кыргызстандын “Электр станциялар” акционердик коому куруп жатат. Долбоорду толугу менен орус тарап каржылайт. Бирок каражаттын толук бөлүнбөгөнүнөн улам курулуш иштери токтоп калганын айрым маалымат булактары жазышкан. Буга чейин өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Жогорку Нарын ГЭС каскаддарынын курулушуна башка тараптан насыя тартуу мүмкүнчүлүгүн көтөргөн эле. (КЕ)

XS
SM
MD
LG