Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Кыргыз хоккейчилери "Азия чакырыгы" кубогуна катышат


Хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы
Хоккей боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы

Хоккей боюнча улуттук курама Кувейтте өтө турган Азиянын чакырык кубогуна катышат. Оюндар 18-25-апрель күндөрү өтөт. Спорттун аталган түрү боюнча федерациянын вице-президенти Мурат Жакыпов “Азаттыкка” билдиргендей, Кыргызстан Оман, Сингапур, Индия, Малайзия жана Кувейтке каршы ойнойт. Жеңүүчү жогорку дивизионго жолдомо алат.

Улуттук курама бүгүн Кувейтке жөнөп кетет. Узатуу иш-чарасы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинде болот.

Улуттук курамда 20 оюнчу бар, алардын экөө дарбазачы. Хоккейчилерди эки машыктыруучу коштойт.

Эл аралык хоккей федерациясы уюштуруп келаткан Азиянын чакырык кубогу былтыр Бишкекте өткөн. Анда Кыргызстан чечүүчү оюнда Макаого утулуп, экинчи орунду алган. (ECh)

XS
SM
MD
LG