Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Кыргызстанга британиялык “лорддор” келет


“Центерра голддун” директорлор кеңешине сунушталып жаткан британиялык ишкерлер жакын арада Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештеги ишеничтүү булактар кабарлады.

Өткөн аптада өкмөт башчы Кумтөр маселесин Кыргызстандын кызыкчылыгында чечүүнүн жаңы жолун сунуштаган. Буга британиялык ишкерлердин “Центерра голд” компаниясынын жетекчилигин алмаштыруу тууралуу кайрылуусу себеп болгон.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаевге 30-мартта британиялык ишкерлер Мартин Грехэм жана Лорд Клэнвильямдан кат келген. Алар Кыргызстандын 33% акциясына “Центерранын” дагы 18% акциясын кошуп, 51% акцияга ээ болуу менен “Центерра Голддун” жетекчилигин алмаштырууну сунуштаган. Бул каттын негизинде премьер Оторбаев өз сунушун өткөн аптада парламенттин кароосуна алып чыккан. “Центерра голддун” директорлор кеңешине келе турган ыктымал жети талапкердин ким экени ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратып, талкууга жем таштаган. Эми британиялык ишкерлер кыргыз бийлиги менен көзмө-көз сүйлөшөөрү айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG