Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:08

Медиаэксперттер: журналисттин үстүнөн берилген арыз Башмыйзамга каршы


Журналист Дайыр Орунбеков сот залында
Журналист Дайыр Орунбеков сот залында

Медиа полис институту баш прокурор тарабынан журналист Дайыр Орунбековго каршы доо арыз берилүүсү Конституцияга туура келбесин эскертти. Аталган институт Кыргызстанда ар беш жыл сайын баш прокурор мамлекет башчынын ар-намысын коргоп, журналисттерди сотко берерин эске салды.

“Мындай арыздар Акаевдин, Бакиевдин тушунда да болгон. Эми кайталанып отурат. Биз кайрадан башкы көзөмөл органы тарабынан мындай аракет Башмыйзамга каршы келерин эскертүүгө аргасызбыз” деп айтылат Медиа полиси институтутунун билдирүүсүндө. Ага ылайык, Конституциянын 16-беренеси боюнча бардык жарандар мыйзам жана сот алдында бирдей деп белгилеген медиаэксперттер мамлекет башчысын коргоо боюнча өзгөчөлүк жок деп санашат. Ошондой эле алар эгер президент өзү журналистти сотко берсе, бул сотко басым болуп саналарын, ал эми президенттин атынан Баш прокурордун сотко кайрылып жатышы эки эсе басым болуп каларын айткан.

Баш прокурор Индира Жолдубаева президенттин ар-намысын коргоо өтүнүчү менен Аламүдүн райондук сотуна кайрылган. Баш прокурордун доо арызы журналист Дайыр Орунбековго берилген болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG