Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Баткенде катуу шамал чатырларды учуруп кетти


2014-жылдын 23-апрелинде Каракол шаарында да катуу шамал болуп, турак үйлөргө зыяны тийген.
2014-жылдын 23-апрелинде Каракол шаарында да катуу шамал болуп, турак үйлөргө зыяны тийген.

26-апрелге караган түнү болгон катуу шамал Баткен облусунун Лейлек районундагы жана Сүлүктү шаарындагы айрым үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди:

- Шамалдын ылдамдыгы 28 метрге чейин жетти. Лейлекте 124 турак-үйдүн чатырынан 1789 даана, чарбалык курулуштардын 431 даана, социалдык объектилердин жүздөн ашуун шиферин учуруп кетти. Сүлүктүдө да ушул сыяктуу абал болду.

Жалпы Баткен облусу боюнча 2450 шифер зыянга учурады. Алдын ала маалыматтар боюнча адам өмүрүнө зыян келген жок. Жабыркагандарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тийиштүү курулуш материалдарын жиберди.

Ошондой эле Таластын Кара-Буура районунда да кечээ катуу шамал болуп, турак үйлөргө зыян келтиргени кабарланды. Ал жактагы чыгым эсептелүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG