Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Былтыр дүйнөдө сөз эркиндигинин абалы кескин начарлаган


Freedom House уюмунун 2014-жылдагы сөз эркиндигинин абалы жөнүндөгү докладынын мукабасы.
Freedom House уюмунун 2014-жылдагы сөз эркиндигинин абалы жөнүндөгү докладынын мукабасы.

2014-жылы дүйнөдөгү сөз эркиндигинин абалы акыркы 10 жылда болуп көрбөгөндөй начарлады деп айтылат Эл аралык Freedom House уюму 29-апрелде жарыялаган изилдөөдө. Сөз эркиндиги 18 өлкөдө, өзгөчө, Азербайжан, Сербия жана Иракта көп осолдогон. Беларус, Орусия басып алган Крым, Иран, Түркмөнстан жана Өзбекстан басма сөз эркиндиги эң начар дүйнөдөгү 10 өлкөгө кирет. Азербайжанда өкмөттү сындаган жана коррупцияны иликтеген макалаларды чыгарбоо үчүн журналисттер камакка алынып, басылмалардын кеңселерин жабуу кеңири жайылган. Орусияда өкмөттүк жана саясый жетекчилик аталык кылган массмедиа көбөйдү; антиөкмөттүк мазмундагы макалалар бизнес кызыкчылыктан улам басылбайт; маалымат булактары агрессивдүү пропаганда үчүн колдонулууда, деп көрсөтүлөт докладда.

XS
SM
MD
LG