Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Кара-Сууда Сирияга кетүүгө камынган үч аял кармалды


Кара-Суунун бир көчөсүндө, 8-октябрь, 2014.
Кара-Суунун бир көчөсүндө, 8-октябрь, 2014.

Оштун Кара-Суу районунан Сирияга кетүүгө камынып жаткан үч аял кармалганын облустук милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган жарандар интернет аркылуу Түркиядагы бир адам менен сүйлөшүп жүрүшкөн. Ал аялдарды Түркияда диний окуу жайга өткөрүүгө жана жумушка орнотууга убада берип, жол акысына акча да салган. Үч аял бул каражатка камылга көрүп, балдарынын документтерин даярдаган учурда Кара-Суу райондук милициясы кармады. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда Сириядагы согуштук аракеттерге 340дөн ашык кыргызстандык катышып жүрөт. Алардын арасынан 30дан ашууну ал жакта каза тапкан. 2014-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети терроризмге байланышкан 137 кылмыш ишин козгоп, анын 76сы тергелип, сотко жиберилген. Сирияга кеткендердин басымдуу бөлүгү 16-22 жаштагылар.(BkA/YI)

XS
SM
MD
LG