Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

"Сулайман-Тоо" музейи мамлекеттик каттоодо жок


Сулайман-Тоо
Сулайман-Тоо

Оштогу "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси мамлекеттик каттоодо жок. Бул тууралуу “Азаттыкка” музей жетекчиси Абдрайим Тургунов билдирди. Анын айтымында, каттоо тууралуу мамлекеттик акттын жоктугу коруктун аймагын басып алуудан сактап калууга жолтоо болууда.

- Мамлекеттик акттын жоктугунан тоонун аймагына курулган “Айдар Ата” кафесинин ээсин соттон утуп алууга тоскоолдук жаралууда. Анткени сот музейдин жеринин мамлекеттик актын сурайт. Биз аны көрсөтө албайбыз. Мамлекеттик каттоо кызматы жердин аянты так көрсөтүлгөн эмес деген жүйө менен документ бербей жатат. Бирок музейдин аймагы мурдатан эле Абдыкадыров, Навои, Курманжан датка көчөлөрү деп чектелген, - дейт Тургунов.

"Сулайман-Тоо" археологиялык музейи 2009-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген. Уюмдун талаптарына ылайык, тоонун жака-белине имарат салынбашы керек. (YI)

XS
SM
MD
LG