Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Кыргыз бийчилер Украинадагы сынактын финалына чыкты


"Адем" тобу Германиядагы сынак маалында
"Адем" тобу Германиядагы сынак маалында

Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаковдун шакирттеринен турган “Адем” тобу "Украина Мае Талант" сынагынын финалына чыгышты. Бул тууралуу Өмүрзаков “Фейсбуктагы” баракчасында билдирди. Анын жазышынча, кыргыз бийчилери тартылган көрсөтүү 9-майда көрсөтүлдү. Калыстар тобу бул топтун жеңүүчү болууга толук мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышкан.

Украинада өткөн бул сынакка Атай өзү да катышып, байгелүү орунга татыган. Өзүнүн пластикалык жөндөмү менен көпчүлүк таң калтырган Өмүрзаков буга чейин Чехия, Кытай жана Германиядагы сынактарда баш байгеге ээ болгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG