Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутат Асия Сасыкбаева Ак үй алдына акцияга чыккан укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, парламент сентябрь айында беш жыл ичиндеги ийгилик-кемчиликтери туурасында отчет берүүгө камынып жатат.
Бүгүн укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Ак үйдүн алдына чыгып, Жогорку Кеңештин мөөнөтү бүтүп бараткандыктан ар бир фракция, анын ичинде ар бир депутат 5 жыл ичинде элдин жашоосу, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн кандай аракеттерди көргөнү туурасында отчет берүүнү талап кылган. Ал бул жараянды ар бир фракция Коомдук телеканалдын эфиринен чыгып, ишке ашырышы керектигин билдирген. (AzK)