Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Аба ырайы


Кыргызстандын аймагында 25-майга чейин мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар, 21-22-майда айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. 22-майдан баштап абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18 градус, тоо этектеринде 10…15 градус, бийик тоолуу райондордо 0…5 градус жылуу болот.

25-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28,

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27,

Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,

Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 25…27 градус жылуу болушу күтүлүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG