Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Ош шаарынын айланма жолунун курулушу келерки жылда башталат


Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев менен Ош мэри Айтмамат Кадырбаевдин жолугушуусунда айтылды. Ош мэри Баткен менен Бишкекти байланыштыруучу жолдун шаар сыртынан өтүүчү долбоору менен министрди тааныштырды.

Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун долбоору менен жеринен таанышкан министр Аргынбек Малабаев: “Оштун айланма жолунун долбоорлорунун ичинен эң ыңгайлуусун тандап, буюрса, курулушун келерки жылда баштайбыз. Бул мамлекет башчыбыздын тикелей тапшырмасы”- деп билдирди.

Буга чейин жергиликтүү бийлик Ош менен Баткенди байланыштырган жолдун Ош участкасындагы айланмасынын курулушун каржылоого жапон жана кытай өкмөттөрүнөн өтүнгөн. (YI/ZKo)

XS
SM
MD
LG