Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Нарында медицина кызматкерлери пикетке чыкты


2-июнда Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын алдына элүүгө жакын медицина кызматкери айлык маянанын азайып жатканына нааразылык билдирип чыгышты. Алар Эмгек кодексине кирген маяна тууралуу өзгөрүүнүн негизинде акча төлөнө баштаса, маянабыз азаят дешип, бул мыйзам туура эмес жазылганын айтышты.

“Биз алты дарыгер «Жаш дарыгерлер депозити» программасы менен келгенбиз. Жашоого шарт түзүп, турак-жай, депозит беребиз дешкен. Бирок, айлыгы аз болсо, бир ставкадан ашык төлөнбөсө кайра кетели деп ойлонуп жатабыз. Жети миң сом эмгек акы алып, батир акысына алты миң сом төлөйбүз. Мындай эмгек акы менен келишимдин аягына чейин чыдай албайбыз”, -дейт облустук оорукананын жаш дарыгери Айбек Манапбаев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин мерчемине ылайык, дарыгердин бир ставкасы 168 саат менен чектелет. Бирок облустук ооруканага дарыгерлер жетпегендиктен алардын көпчүлүгү бир жарым ставкадан эки ставкага чейин иштешет. Эми аларга мурда төлөнүп келген бийик тоолуу аймактар үчүн кошулчу үстөк акча бир ставкадан өткөндөн кийин төлөнбөйт. Бирок бул мыйзам бир жарым жыл мурун эле чыкканына карабастан дарыгерлерге үстөк кошулуп келген. Эми май айынын айлыгынан баштап төлөнбөсүн билдиришкен. (MiK)

XS
SM
MD
LG