Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

Ооганстан интернет-маркетингди өнүктүрөт


Ооган бийлиги келерки жылдан тарта он лайн соода аянтын түзүп, жергиликтүү ишкерлерге товарларын чет элге сатуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Бул тууралуу өлкөнүн Соода жана өндүрүш палатасынын жетекчиси Хасан Рахими журналисттерге билдирди. Анын айтымында, мамлекеттеги саясий кырдаалдан улам чет элге товар сатуу деңгээли кескин төмөндөп кеткен.

Интернет-маркетинг аркылуу ооган ишкерлери негизинен айыл-чарба азыктарын жана кымбат баалуу таштарды сатат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн баш кеңсеси Дубайда жайгашкан көп улуттуу соода тармагы боюнча компания 20 миллион доллар сунуштаган. (SE)

XS
SM
MD
LG