Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

Коркмазов 48 саатка камалды


Паракорлукка шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов 48 саатка УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Эми анын баш коргоо чарасы сотто аныкталарын күч органдарынан “Азаттыкка” билдиришти.

15-июлдун кечинде депутатты 48 саатка камоо чечими чыккандан соң анын жакындары УКМКнын имаратынын жанында нааразылык билдиришти.

Улуттук коопсуздук кызматы менен Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовду шаршемби күнү 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаганын кабарлашты.

Расмий маалыматка караганда, Коркмазов парламенттин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге тиешелүү иштердин бирин Жогорку Сотто анын пайдасына чечип берүүгө ортомчу болуп, Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар пара сураган. (SE)

XS
SM
MD
LG