Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Ош шаарында 237 миң ички мигрант жашары аныкталды


Бул тууралуу Оштогу «Эдвокаси адам укугун коргоо» борборунун юристи Улан Бекмуратов “Азаттыкка” билдирди. Алардын иликтөөсүндө белгилүү болгондой, газ, суу, электр жана таштанды үчүн калаада 500 миң адам акы төлөрү аныкталган. Расмий каттоого тургандар саны 263 миң болсо, калган 237 миңи Ош шаарында каттоосу жок жашаган ички мигранттар болуп саналат.

Ички мигранттарга негизинен студенттер, үй-бүлөлүк жатаканаларда жашагандар жана Ош шаарына караштуу, калаанын чет жакасындагы айыл тургундары кирет. Алардын айрымдары 25 жылдан бери түштүк борбордо жашаган менен мында каттоого туруп, паспортун шаардык деп өзгөртүшкөн эмес.

Бекмуратов билдиргендей, калаа жетекчилиги аларды каттоого алуу иштерин кечеңдетүүдө. Мындан улам ички мигранттар өз укуктарынан пайдалана албай калышууда.

Жергиликтүү бийликтер ички мигранттарды парламенттик шайлоого катыштыруу үчүн Ошто жети шайлоо участогун ачкан. Анда Ошто каттоосу жок 27 миң 157 жаран добуш берүүгө катышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG