Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан жекшемби күнү кечинде кабарлашты. Маалыматка караганда, 12-октябрга караган түнү №50 абактан качкандарды издөөгө милициянын миң кызматкери тартылган. Койташ айылы тарапта абактан качкандардын бири Азамат Мүсүралиевге окшош киши көрүнгөнү тууралуу маалымат түшкөнгө байланыштуу издөө иштери 18-октябрда Койташта жүргүзүлдү.
№50 абактан тогуз кылмышкер качып, алардын бешөө ошол күнү кармалган. Бирөө 16-октябрда "Дордой" жаңы конушунун жанында кармоо учурунда каршылык көрсөткөндө атып өлтүрүлгөн. Ал эми Алтынбек Итибаев, Азамат Мүсүралиев жана Эдил Абдырахамановдун кайда экендиги белгисиз. (AiT)