Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Орусияда Rutracker сайтын биртоло жабуу чечими чыкты


Орусияда 1-декабрдан тарта Rutracker сайты биротоло жабылат. Москва шаардык соту сайт автордук укуктарды бир канча жолу бузгандыгы үчүн ушундай чечим кабыл алды.

Электрондук китептердин көптүгү менен колдонуучулардын кызыгуусун арттырган Rutracker.org сайтынын ээлери апелляциялык арыз менен өздөрүн актай албаса, сайт ишмердигин биротоло токтотот.

Ал арада сайт колдонуучулар арасында бул жаатта сурамжылоо жүргүзүп, пикир калтырган кишилердин 67% “сайтты жапканга болбойт” деп айтышты.

Бул интернет булагын колдонгон кыргызстандыктар да бир топ. (SE)

XS
SM
MD
LG