Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Бирдиктүү энергетикалык холдинг келерки жылдын башына карай түзүлөт


Бул тууралуу вице-премьер-министр Олег Панкратов 14-ноябрда энергетика тармагына байланыштуу жыйындан кийин билдирген. Панкратовдун айтымында, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин базасында Улуттук энергетикалык холдинг түзүү планы иштелип чыкты.

Ал планга ылайык Улуттук энергетикалык холдингди уюштуруу жана укуктук базасын түзүү иштери келерки жылдын 1-январына карай аякташ керек.

Парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн өкмөттүн жаңы структурасында Энергетика жана өнөр жай министрлиги жоюлуп, энергетика тармагын бирдиктүү холдингге топтоо каралган. (AiT)

XS
SM
MD
LG