Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Оштогу учак кырсыгы боюнча комиссия түзүлдү


Ош аба майданында бүгүн, 22-ноябрда эртең менен Красноярск – Ош каттамы менен учуп келген учак конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен.
Ош аба майданында бүгүн, 22-ноябрда эртең менен Красноярск – Ош каттамы менен учуп келген учак конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен.

Бүгүн эртең менен Красноярск – Ош каттамы менен учуп келген учак Ош аба майданында конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен окуяны премьер-министр Темир Сариев тиешелүү жетекчилер менен талкуулады. Кырсыктын себептерин териштирүү максатында Унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев башында турган комиссия түзүлдү. Анын курамына көз карандысыз эксперттер да тартылат. Комиссия он күндүн ичинде иликтөөнүн жыйынтыгын бериши керек.Сариев Ош аба майданында учак тилкеден чыгып кеткен кырсыктар буга чейин да болгонун эске салып, мындан ары бул сыяктуу окуяларга жол бербөө зарылдыгын белгиледи.

Ош аба майданында бүгүн, 22-ноябрда эртең менен Красноярск – Ош каттамы менен учуп келген учак конуп жатып, тилкеден чыгып кеткен. Андан бир жүргүнчү жеңил жаракат алды. Кырсыкка аба ырайы себеп болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG