Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Дайыр Орунбеков: Айыппулду 16-декабрда төлөп баштайм


Дайырбек Орунбеков
Дайырбек Орунбеков

Журналист Дайыр Орунбековдун эки миллион сом айыппулду төлөө мөөнөтү 12-декабарды соңуна чыкты. Соттун чечимине ылайык, ал ушул убакка чейин президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айтылган маалыматтарды төгүндөп, ага кошумча эки миллион сом айыппулду төлөшү керек эле.

- Мен төлөгөндөн баш тарткан жокмун. Негизи соттун чечими бүгүнкү бийликтин кысымы, ал адилетсиз, акыйкатсыз болду. Бирок мыйзамды сыйлаган адам катары төлөп берүүгө аракет кылып жатам. Тилекке каршы, эки млн. сом толук табыла элек. Аны тез арада төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгүм жок. Азыр 12 миң сомдон ашуун каражат чогулду. Бишкектеги активисттер, сөз эркиндигин коргогон жарандар 16-декабрда атайын флешмоб өткөрүүгө даярданып жатышат. Ак үйдүн астында президентке чогулган каражатты өткөрүп берүү акциясы болот. Ошол күндөн баштап төлөп баштайм.

Дайырбек Орунбеков 2014-жылы сентябрь “Мaalymat kg” интернет сайтына Ош окуясына байланыштуу макаласын жарыялаган. Анда Ош окуясына саясий баа берүү маселеси көтөрүлгөн. Башкы прокуратура макалада айтылгандар президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирген деп кылмыш ишин козгоону талап кылган. Кийинчерээк доо арызды кароо Жарандык кодекстин негизинде жүргүзүлүп, журналистке каршы миллион сомдук доо коюлган. 16-июндагы сотто башкы прокурор доонун өлчөмүн дагы 1 млн. сомго көбөйткөн. Буга чейин 2 млн. сом топтоо үчүн Орунбековдун кеңсесине атайын куту орнотулуп, ыктыярчылардын жардамы менен көчө-базарларды кыдырып, бир сомдон чогултулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG