Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Катта-Туздагы мунай жана газ куурларынын макамы аныктала элек


Мындай малыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн «Азаттыкка» билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2013-жылдын июнь айында Лейлек районунун Жаңы- Жер айыл округунун Арка аймагында 1974-жылдан бери Тажикстан иштетип келген 159 гектар жер кошуналардан бошотулган. Катта-Туз аймагынан кара май өндүрүп жүргөн тажикстандыктар кара май сордургуч төрт куурун жана табигий газ алуучу беш скважинасын таштап чыгып кеткен.

Ошондон бери аймактын макамы аныктала элек. Ал эми мунай жана газды ким иштетери тактала электигине байланыштуу, иш токтоп турат. Азыраак көлөмдөгү газ дагы деле Тажикстанга кетип жаткандыгы айтылууда.(JsA)

XS
SM
MD
LG