Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Жапониядагы элчилик төрт кыргыз жаранын эвакуациялады


Кумамото префектурасындагы катуу жер титирөөдөн кийинки абалга жана силкинүүлөр дагы болушу ыктымал деген маалыматка байланыштуу Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги төрт кыргыз жаранын эвакуациялады. Элчиликтин имаратына убактылуу жайгаштырылган төрт адамдын экөө кичине бала.

Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, Кюсю аралындагы Кумамото префектурасында азыр кыргыз жарандары жок.

Ал эми жер титирөөдөн анча катуу жабыркабаган Оита префектурасында азыр Кыргызстандын 20 жараны бар. Алардын көбү JDS долбоору аркылуу Жапонияда билим алып жаткан мамлекеттик кызматкерлер.

Жаңы жер титирөө коркунучуна байланыштуу жапон бийлиги ушу тапта 250 миңдей адамды эвакуациялоодо. Өткөн аптада өлкөнүн түштүк-батышындагы Кюсю аралындагы эки жолку силкинүү кеминде 42 адамдын өмүрүн алды, 11 адамдын дайыны жок болууда.

Жалпысынан миңдей адам жабыркап, турак үйлөр, имараттар талкаланды. (RK)

XS
SM
MD
LG