Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыкты. Кыргыз авиакомпаниялары бул тизмеде 20 жылдан бери жүргөн.
Соңку күндөрү УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон мурдагы сегиз кишинин соту коомчулуктун көңүл борборунда болууда. Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан иш жабык өтүп, "бийликти басып алууга аракет" беренеси боюнча айып тагылган аткаминерлер комментарий берүүдөн карманууда.
- Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыкты. Кыргыз авиакомпаниялары бул тизмеде 20 жылдан бери жүргөн.
Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" 20 жылдан кийин чыгарылганы маалым болду.
Баткен шаарынан 100 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Зардалы айылы көп жылдар бою жарыксыз, интернетсиз жана жол азабын тартып жашап келген. Кышында тышкы дүйнө менен байланышы үзүлүп, тургундар кооптуу тоо жолдорун жөө басып каттоого аргасыз болушкан.
Алты айдан бери тергөө абагында отурган "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков тергөөчүлөргө байланыштуу дагы сотко кайрылды жана өзүнө козголгон ишти "бийликтин басымы" деп сыпаттады. ИИМ Султанбековдун дооматтарына байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мектептерде кыргыз тилин окутууга өзгөчө көңүл буруларын дагы бир жолу ырастады. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, соңку талкууларга жооп берди.
“75чилердин каты” боюнча сот иши улантууда. Айыпталуучулардын отурумду ачык өткөрүү өтүнүчүн судья четке какты. Кошмо Штаттар менен Израил Иранга каршы согуш баштаганына 100 күн болду. Өткөн түнү Израил менен Иран кайрадан бири-бирине сокку урду.
8-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” боюнча сот уланууда. Бул жараянда да сотту ачык кароо тууралуу өтүнүч берилип, ал канааттандырылган жок. Отурумда күбөлөр сурала баштады.
Коомдук жана саясий ишмер Мыктыбек Абдылдаев 8-июнда Бишкекте 73 жашында дүйнөдөн өттү. Ал буга чейин бир катар маанилүү кызматтарды аркалап келген. Элдик курултайдын катчылыгын жетектеп жаткан. Күтүүсүз өлүмгө кабыргасы кайышкан жакындары ал ден соолугу жакшы жүрүп эле өтүп кеткенин айтышты.
Армениядагы парламенттик шайлоодогу бюллетендердин жыйынтыгы Никол Пашиняндын "Жарандык келишим" партиясы жеңгенин көрсөтүүдө.
“75чилердин каты” боюнча соттук отурумдар аптасына эки жолудан өтүүдө. Териштирүүгө айыпталуучулар - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев катышууда.
Дагы жүктөңүз