Шейшемби, Февраль 07, 2012 Бишкек убакыты: 12:54

Эл үнү / Коом

ОШ: ВИЧ ИЛДЕТИН ЖУКТУРГАН ДЕП АЙЫПТАЛГАН ДАРЫГЕРЛЕРДИН АЛТООСУ АКТАЛДЫ

Текст көлөмү - +
30.09.2008
Бүгүн кечке маал Ош облустук соту Ош шаардык соту тарабынан түрдүү мөөнөткө соттолгон медициналык кызматкерлердин апппеляциялык арызы боюнча өкүмүн угузду. Жумушуна шалаакы мамиле жасап, бир нече эне-балага ВИЧ илдетин жуктурган деп айыпталган 14 ак халатчандын алтоо акталып, төртөө мунапыска туш келсе, төртөө 3 жылга шарттуу кесилди. Булардын арасынан абакка камалган төртөө сот залынан бошотулду. Мындан тышкары жабырлануучулар соттолуучулардан талап кылган компенсация жарандык тартипте башка сотто каралууга тийштиги белгиленди. Бирок, жабырлануучулар жана алардын жактоочусу мындай өкүмгө макул эместигин билдиришүүдө.
Сентябрь 2008
30 Сентябрь 2008

Б.НАРГОЗУЕВ: КЫРСЫКТАГАН УЧАК ОҢ АБАЛДА БОЛГОН ДЕГЕНГЕ ИШЕНБЕЙМ

Бишкектин жанында Боинг-737 учагы кырсыктаганына бир айдан ашуун убакыт болду. Бирок 65 адамдын өмүрүн алган бул кырсыктын себептерин териштирүү азырга чейин соңуна чыга элек. Ушул окуянын бир айдан кийинки жагдайы тууралуу сөз кылуу максатында Жогорку Кеңештин депутаты, “Эсен-эйр” авиа компаниясынын мурдагы кожоюну Бегалы Наргозуевди “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кепке тарттык.

КЫТАЙ САБАКТАРЫ: ЫМЫРКАЙ ДЕН-СООЛУГУН САКТОО АРАКЕТТЕРИ

Жогорку Кеңештин Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттыкты сактоо комитети кечээ ымыркайлардын ден-соолугун коргоону караган мыйзам долбоорун талкуулап, аны бир добуштан кабыл алышты. Ага ылайык эмчектеги балдарга алты айдан эки жылга чейин эне сүтүн берүү керектигин кеңири түшүндүрүү жана ымыркайларга эне сүтүнүн ордуна берилүүчү кошулмаларды жарнамалоого тыюу салуу каралган. Буга чейин коңшулаш Кытайда эмчектеги балдарга берилчү кургак сүттөн ымыркайлар массалык түрдө ууланышып, алардын бир канчасы каза болгон. Ошол себептүү да мыйзам долбоордун демилгечилери ымыркайларга берилүүчү кошулмаларды саткан ишканалардын товарларын жакшылап текшерип туруу зарылдыгын айтышууда.

29 Сентябрь 2008

ОРУСИЯ ЖАРАНДЫГЫН АЛГАН КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫНЫН САНЫ ӨСҮҮДӨ

Муса Мураталиев, Москва

Орусиянын төрт аймагында: Екатеринбург, Новосибирск, Санкт-Петербург жана Казанда Кыргызстандын консулдуктары иштейт. Алардын ичинен Орусиянын азиялык аймагын тейлеген башкы консул Турдалы Орозбаев «Азаттыктын» Москвадагы кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

КЫТАЙДЫН СҮТ АЗЫКТАРЫНА КЫРГЫЗСТАНДА ТЫЮУ САЛЫНА ЭЛЕК

Европа Биримдиги Кытайдан ташылчу балдардын ар кандай сүт азыктарына тыйуу салды. Кытайдын өзүндө ууланган сүт азыктарынын жаңжалы дагы эле басыла элек. Бузулган сүт азыгынын айынан бери дегенде төрт ымыркай чарчап, 53 миңдей балдар жабыр тарткан. Сүт азыктары желим идишке меламин химиялык заты кошулгандыгынын айынан уулангандыгы айтылууда. Кыргызстанда да Кытайдан келчү балдардын сүт азыктарына тыюу салуу боюнча сунуштар айтылып жатканын ЖК депутаты Динара Молдошева “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маегинде билдирди. Парламенттин миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттыкты сактоо комитети бүгүн “Балдарды эмчек сүтү менен багууну коргоо, жасалма тамактандырууну иретке келтирүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карамакчы, анда ушул маселе да козголушу күтүлүүдө.

ЖАЛАЛ-АБАТ: КОРРУПЦИЯ ЖОГОЛГОН ЖОК

Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат

Жалал-Абат облусундагы жарандар коррупциянын азайганына ишенишпейт. Коомчулуктун пикири боюнча жемкорлук жайылбаган тармак жок, жемкорлук адатка айланган жана ага каршы жүргүзүлгөн күрөш алымсындыраарлык эмес. Мыйзамсыз текшерүүлөр көп. Демейде жарыбаган акча алганы үчүн майда-чүйдө кызматкерлер кармалат да, миллионду жалмагандар торго илинбейт. Президент К.Бакиев болсо Жалал-Абат облусунун активи менен жолугушканда коррупциянын азайганын айткан. “Акжол” партиясынын облустагы өкүлү да паракорлукту азайтуу үчүн өкмөттүк уюмдар аракеттенип жатканын белгиледи.

28 Сентябрь 2008

ЧҮЙ: АЛДЫДАГЫ ШАЙЛООГО ЭЛДИН АКТИВДҮҮЛҮГҮ НАЧАР

Жазгүл Жамангулова, Чүй

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата Чүй облусунда элдин активдүүлүгү начар экени байкалууда. Облустун айрым жерлеринде шайлоочулардын кимдер талапкен экенин билбеген учурлар да бар. Ошол эле учурда айрым талапкерлердин мыйзамсыз иштерге жасалып жатканы айтылууда.

УЛУКМАН: ИСА АХУНБАЕВДИН ИШКЕ АШПАГАН ТИЛЕГИ…

Өтүп бараткан аптада Кыргызстанда академик Иса Ахунбаевдин 100 жылдык мааракеси өтүп, мамлекеттик медициналык академиянын алдында келечекте орнотулчу айкелинин орду белгиленди жана академияга Ахунбаевдин ысмы ыйгарылды. Академик Лео Бокерия бул аптада 4 наристенин жүрөгүнө ал эми түрк хирургу Эртан Үзел да 4 баланын жүрөгүнө ийгиликтүү операция жасашты. “Азаттыктын” “Улукман” аттуу апталык медициналык берүүсүндө ушул окуялардын тегерегинде сөз болду.

27 Сентябрь 2008

Жоолукчан кыздардын окуу жай жетекчилигине даттануусу көбөйдү

Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек

Кыргызстанда жоолук салынып, хиджаб кийген айрым кыз-келиндер окуу жайларда дин тутуу эркиндиги чектелип жатат деп нааразыланышууда. Өлкө бийлиги болсо бул айыптарды четке кагып, мектеп, университеттер ички уставына жана мамлекеттеги мыйзамга жараша иш алып барып жатканын тастыктап келет.

26 Сентябрь 2008

Б.ОРОКОВ: АДИСТИГИ БАР МИГРАНТТАР СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН ДА КОРГООГО АЛЫНЫШАТ

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек

Кечээ миграция маселесине арналган жыйын болуп, анда эл аралык эмгек уюму Кыргызстандын эмгекке жарамдуу мигранттарынын көпчүлүгү өлкөдөн кетүүнү каалайт, деп билдирди. “Азаттыктын” таңкы уктурууларындагы түз ободогу маектешүү мына ушул темада Эл аралык эмгек уюмунун Кыргызстандагы улуттук координатору Болотбек Ороков менен жүргүзүлгөн.

ЖОЛ КООПСУЗДУГУ: АВТОТЫГЫНДАН КАНТИП АРЫЛАБЫЗ?

Ички иштер министрлиги КМШга мүчө мамлекет башчыларынын Бишкек саммити алдында жол коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурмай болду. Бул максатта 9-12-октябрь аралыгында баш калаанын борбордук көчөлөрүндө автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилет. ИИМдин болжолунда шаары көчөлөрүнө күнүнө 140 миң чамалаш автоунаа чыгат. Ушундан улам азыр автоунаалардын тыгылышуусу күн сайын кайталанып турган учур. Тиешелүү тармактар шаардагы мындай көрүнүштү түрдүү себептер менен байланыштырып жатышат.

25 Сентябрь 2008

МИГРАЦИЯ: ОРУСИЯГА ОКУП АЛЫП БАР

25-сентябрда Бишкекте Эларалык эмгек уюму менен Кыргызстандын миграция жана жайгаштыруу мамлекеттик комитетинин улуттук жыйыны өттү. Анда эмгек күчүн натыйжалуу пайдалануу маселеси талкууланды. Чет өлкөлөргө агылып кетип жаткан жаш адамдардын сыртта көп талап кылынчу кесипке ээ болуусу, мусапырлардын укуктарынын так сакталышына жетишүү зарылдыгы белгиленди.

УЛУУ ХИРУРГДУ ЭСКЕРҮҮ

Бүгүн Кыргызстанда улуу хирург, академик Иса Ахунбаевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Мындан туура жүз жыл мурда, 25-сентябрда жарык дүйнөгө келген кыргыздын чыгаан уулун эскерүүгө арналган иш чара мамлекеттик тарых музейинде уюштурулуп, анын шакирттери менен бала-чакасы улуу хирургдун эмгектерин, кылган иштерин эскеришти. Ал эми президент Курманбек Бакиевдин жардыгына ылайык, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына Иса Ахунбаевдин ысымы ыйгарылды.

БАТКЕН КООГАЛАҢЫНА 9 ЖЫЛ

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек

Мындан тогуз жыл илгери ушул күндөрү Кадамжай районунун сырт айылында аскерлер менен согушчандардын ортосунда атышуу болуп, анда Майлы-Суудагы өзгөчө маанидеги батальондун жети аскери окко учкан. Ошондой эле тогуз жоокер оор жарат алган. Кагылышууда согушчандарды жетектеген талаа командири Абдулазиз Юлдашев атып өлтүрүлгөн. Баткен коогалаңынын катышуучусу, Баткендеги ички аскерлер батальонунун ошол кездеги командири, “Эрдик” медалынын ээси, учурда юстиция министрлигинде иштеп жаткан Асылбек Молдобаев “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маектеринин биринин коногу болду.

КОРРУПЦИЯНЫН КЫЛЫ КЫЙШАЙДЫБЫ?

Талкууну уюштурган Замира Кожобаева, Бишкек

Эл аралык “Трансперенси интернешнл” уюму коррупциянын күчөөсү боюнча жылдык иликтөөсүнүн жыйынтыгын жарыялады. Анда берилген маалыматтар боюнча, быйылкы жылы Кыргызстанда коррупциянын деңгээли өткөн жылга салыштырмалуу көтөрүлгөн. Эгерде Кыргызстан өткөн жылы коррупциянын деңгээли боюнча 183 мамлекеттин ичинен 157-орунда болсо, быйылкы жылдагы иликтөө боюнча 166-орунга түшүп кеткен. “Азаттыктын” таңкы түз ободогу уктуруусунда “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын саясий кеңешинин мүчөсү, коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Болотбек Жанузаков; “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү, ЖК депутаты Бегалы Наргозуев; коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин аппарат жетекчиси Бакыт Бакетаев жана “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү, “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев мына ушул маселени тегерек үстөлдө талкууга алышты.

24 Сентябрь 2008

ЫСЫК-КӨЛ: УЛУУ ДАРЫГЕР ИСА АХУНБАЕВДИН 100 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ

Рита Борбукеева, Ысык-Көл

Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, республикадагы жүрөк-кан тамыр медицинасынын негиздөөчүсү, академик Иса Ахунбаевдин туулганынын жүз жылдык мааракесин белгилөө уланууда. Бүгүн (24-сентябрь) дарыгердин кичи мекени Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында Иса Ахунбаевге тургузулган эстелик менен үй-музейин ачуу иш-чарасы өттү. Таланттуу хирургдун жердештери менен катар коомчулук, расмий бийлик өкүлдөрү улуу дарыгердин жаркын элесине таазим этишти.

ОШ: 2009-ЖЫЛДЫ “ЖАШТАР ЖЫЛЫ” ДЕП ЖАРЫЯЛОО ДЕМИЛГЕСИ

Жанарбек Акаев, Ош

Өткөн жумада кыргыз президенти Курманбек Бакиев Ошко сапар менен барган учурунда жаштар уюмдарынын бир катар өкүлдөрү келаткан 2009-жылды «Жаштар жылы» деп жарыялоону сунуш кылышты. Студенттердин атынан сүйлөгөн жаштар соңку жылдары жаш кадрлардын чет-мамлекеттерге массалык түрдө кетүүсүн, жергиликтүү бийликтер айыл жаштарынын көйгөйлөрүнө көңүл бурбай жатышканын айтышты. Президент болсо оштук жаштардын демилгесине ачык жообун берген жок.

И.ӨМҮРКУЛОВ: МУГАЛИМДЕРГЕ КАЙДЫГЕРЛИК МАМИЛЕ КҮНҮМДҮК КӨРҮНҮШ БОЛУП КАЛДЫ

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек

Кечээ (23-сентябрь) Бишкекте жер-жерлерден келишкен жетимишке чукул мугалимдер эмгек стажысына кошумча акчаны төлөтүп берүү талабы менен Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылышып, билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитеттин жетекчиси менен жолугушкан эле. “Азаттыктын” түз маегинде парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитеттин жетекчиси Иса Өмүркулов айыл жергесинен келген мугалимдердин суроо-талабынын чечилиши тууралуу сөз куруп берди.

ЛЕО БОКЕРИЯ БАШ БОЛГОН ОРУС ДАРЫГЕРЛЕРИ КӨРСӨТМӨ ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖАСАШТЫ

Дүйнөгө белгилүү кардиохирург, окумуштуу, Орусиянын медицина илимдер академиясынын мүчөсү (РАМН), В.И. Бураковский атындагы кардиохирургия институтунун директору Лео Бокерия жетектеген дарыгерлер тобу Кыргызстандын улуттук жүрөк хирургия институтунда эң оор төрт операцияны ийгиликтүү ишке ашырды. Кечээ (23-сентябрда) президент К.Бакиев Кыргызстандын медицина адистерин даярдоого жана жаңы ыкмаларды жайылтууга кошкон салымы үчүн Лео Бокерияга “Даңк” медалын тапшырды. Кыргыз жергесине орусиялык белгилүү академик Иса Ахунбаевдин 100 жылдык мааракесине катышууга келген.

МУГАЛИМДЕР: АЛАСАБЫЗДЫ АЛМАЙЫН КЕТПЕЙБИЗ

Бишкек шаарында эки аптадан бери турушкан эмгек стажы үчүн берилчү кошумча төлөмдөрдү ала албай келишкен мугалимдердин саны күн санап артып баратат. Кечээ да борбор шаарга региондордон ондогон мугалимдер келип, алтымышка жакыны Жогорку Кеңештин алдына чыгышты. Төлөмдөрдү бербей келаткан Каржы министрлигине, мугалимдердин тагдырына кайдыгер өкмөткө нааразы болгондор маселе чечилмейин борбор калаадан кетпей тургандыктарын айтышууда. Ошол эле маалда Жогорку Кеңештин Билим берүү тармагын караган комитети жыйын өткөрүп, өкмөткө колдорунда соттун чечимдери бар мугалимдерге тез арада акча бөлүүнү сунуш кылды.

23 Сентябрь 2008

ИСА АХУНБАЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНЫН РАСМИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫ БАШТАЛДЫ

Академик, медицина илимдеринин доктору, Борбор Азияда жүрөккө биринчи операция жасаган таланттуу хирург, белгилүү дарыгер Иса Ахунбаевдин 100 жылдыгына арналган иш-чаралар бүгүн медициналык академиянын алдында улуу дарыгердин келечектеги айкелинин ордун белгилөө менен жана Кыргыз Илимдер улуттук академиясында Ахунбаевдин өмүр жолуна арналган жыйын өтүү менен башталды.

А.ИБРАИМОВ: БҮГҮНКҮ КҮНДӨ КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ АРТЫКЧЫЛЫК БЕРИЛЕ БАШТАДЫ

Маектешкен Жаңыл Жусубжан, Прага

Кыргызстанда бүгүн (23-сентябрь) тил майрамы белгиленүүдө. Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы 1989-жылы берилген. Он тогуз жыл аралыгында кыргыз тилинин абалы, ага болгон камкордук тууралуу “Азаттыктын” кечики берүүсүнүн түз обосунда Улуттук тил комиссиясынын жетекчисинин орунбасары Азимжан Ибраимовду маек куруп берди.

Ш.ЖАПАРОВ: ӨЗҮН ӨЗҮ СЫЙЛАГАН КАЛК БИРИНЧИ КЕЗЕКТЕ ЭНЕ ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨЙТ

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек

Бүгүн (23-сентябрь) кыргыз тили мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна 19 жыл болот. Ушул тарыхый окуяга байланыштуу “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маеги филология илимдеринин доктору, тилчи-лингвист, профессор Шералы Жапаров менен уюштурулду.

А.ДАРБЫШЕВ: КАМБАР-АТА-2 ГЭСИНИН 1-АГРЕГАТЫ 2009-ЖЫЛДЫН АЯГЫНДА ИШКЕ КИРЕТ

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек

Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу жанданганы өлкөдөгү чеберчилиги жогору адистердин тартыштыгы, каражаттын жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр ишке бөгөт болууда. Өлкөдөгү энегетикалык кризис Кыргызстанды бул курулушту мүмкүн болушунча тез бүтүрүп, элди кошумча электр кубаттуулугу менен камсыз кылуусуна мажбурлоодо. Курулушту ишке ашырып жаткан “Нарынсуукурулуш” акционердик уюмунун жетекчисинин орун басары Адыл Дарбышев аткарылыр жаткан иштер тууралуу “Азаттыкка” маек куруп берди.

21 Сентябрь 2008

НЕМИС ЖЕРГЕСИН БАЙЫРЛАГАН МУСА ЖЭЭНБЕК КАРЫЯ 89 ЖАШЫНДА КӨЗ ЖУМДУ

Маектешкен Айнура Жекше кызы, Прага

Экинчи дүйнөлүк согуштан бери бозгунда өмүр кечирип келген кыргыздардын бири, Германиянын тургуну Муса Жээнбек карыя 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Анын тар жол, тайгак кечүүгө бай өмүр жолу тууралуу “Азаттык үналгысында” (баш кеңсеси Мүнхенде жайгашкан кезде) иштеген ардагер кызматкерибиз, учурда ардактуу эс алууда Мүнхенде жашап жаткан Майра Жакып келини бизге телефон аркылуу азыноолак кеп куруп берди. Майра жеңе “Азаттык үналгысын” түптөгөндөрдүн бири жана алгачкы деректири, маркум Төлөмүш Жакып уулунун жубайы эле. Угармандарыбыз жеңебизди “Бактыгүл” аты менен дурус билет. Майра жеңе өз сөзүн ыраматылык Муса Жээнбектин төрөлгөн жылы тууралуу маалыматы менен баштады.

19 Сентябрь 2008

ОРУСИЯЛЫК МЕКЕНДЕШТЕРДИН КУРУЛТАЙЫ ӨТТҮ

Бишкекте бүгүн Кыргызстандагы орусиялык мекендештердин биринчи курултайы өттү. Анда негизинен өлкөдөгү орустардын уюмдарынын башын бириктирип, мындан ары биргелешип аракеттенүү, орусиялык мекендештер уюмдарынын кеңешин түзүү маселеси козголду. Ошондой эле Кыргызстандагы орустардын маселелери тууралуу да сөз болуп, айрым делегаттар тарабынан Кыргызстан азыр ким менен болушун аныктап, Батыш же Орусияны тандашы керек деген маанайдагы сөздөр да айтылып кетти.

К.БАКИЕВ ОШТО: КАБАТ-КАБАТ УБАДАЛАР, КАРЖАЛГАН КАЛК

Президент Курманбек Бакиев Оштогу сапарында түштүк аймагында цемент тартыштыгы биротоло жоюулаарына ишендирип, азыркындай кризистен улам энергетика тармагын менчиктештирүү зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле конструктивдүү эмес сын-пикирлери үчүн оппозицияны айыптап, жергиликтүү бийликти 6-октябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолорго кийлигишпөөгө чакырды. Айрым жарандар мамлекет башчысына жолукпай калганына нааразыланып, бийлик менен элдин ортосунда пайда болгон ажырымдын акыры “Март ыңкылабынын” кайталанышына алып келет деген пикирди айтышууда.

КИМ ЧОК ТАШТАГАНЫ БЕЛГИСИЗ

18-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда ”Манас” аба майданындагы АКШ аскерий базанын тармак инженери Фусават Чунламанинин үстүнөн козголгон кылмыш ишти кароо башталды. АКШ жаранына байкабастыктан өрт чыгышына себепкер болгон, үй ээлерине ири өлчөмдөгү материалдык зыян алып келген деп айып коюлууда.

18 Сентябрь 2008

БАЗАР КӨЧҮ БААРЫНА ЭЛЕ ЖАГА БЕРГЕН ЖОК

Бишкек шаар бийлиги айыл-чарба азыктарын саткан Баткен дүң базарын жоюп, жаңы курулуп жаткан “Дыйкан” аттуу базарга которду. Жаңы базарга барып соода кылган кардарлар айыл-чарба азыктары кымбат экендигин айтышса, жаңы иш орундарында соода кылып жатышкан соодагерлер менен дыйкандар “Дыйкан” базарына барчу жолдун алыстыгын, эл келбей жатканын, ошол себептүү айыл-чарба азыктарынын баасын көтөрүүгө туура келип жатканын айтышууда. Ошондой эле алар жаңы базардын шарттары талапка жооп бербегенине нааразы болушууда. Ал эми Бишкек шаар мэриясы базар жаңыдан көчүрүлгөнүн, бир жума аралыгында бардык маселелер чечилерин билдиришүүдө.

С.АСАНОВ: МУГАЛИМДЕРДИН ТАЛАБЫ ҮЧ КҮНДҮН ИЧИНДЕ ЧЕЧИЛЕТ

Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек

Кечээ (17-сентярбь) жыйырмадай мугалимдер Жогорку Кеңештин алдында нааразылык акциясына чыгышкан. Алар мугалимдердин педагогикалык стажы үчүн төлөмдөрдү көбөйтүүнү талап кылышууда. “Азаттыктын” таңкы түз маегинде Билим берүү министрлигинин экономика бөлүмүнүн башчысы Салмоор Асанов мугалимдер тарабынан коюлуп жаткан талаптар канчалык жүйөөлүү экенине түшүндүрмө берди.

АЛАСАСЫН АЛА АЛБАГАН МУГАЛИМДЕР ИШ ТАШТООГО ДАЯР

Бир канча жылдан бери эмгек стажы үчүн төлөнчү кошумча төлөмдөрдү ала албай келишкен мугалимдердин бир канча өкүлдөрү Жогорку Кеңешке атайын кайрылуу жолдошту. Кайрылууда соттун чечимине карабай Каржы министрлиги төлөмдөрдү бербей келатканы, эгер мындай абал улана бере турган болсо иш таштоо, ачкачылык жарыялоого чейин барышары айтылат. Тиешелүү мекемелер буга азырынча жооп беришпегени менен Акыйкатчы институту соттун чечиминин аткарылышын көзөмөлгө алмай болду.

17 Сентябрь 2008

Н.ДҮЙШЕЕВ: ООРУГАН МАЛДЫН ЭТИН ЖЕРГЕ КӨМҮҮГӨ КӨҢҮЛ БУРУЛБАЙ ЖАТАТ

Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек

Кыргызстандын түштүк аймагында малдын күйдүргү илдети жайылып, андан адамдар да жабыркаганы тууралуу маалыматтар чыкты. Республикадагы эпизоотикалык абал тууралуу мамлекеттик ветеринария департаментинин директорунун орун басары Нурлан Дүйшеев «Азаттыктын» түз маегинде сөз куруп берди.

С.КАЙЫПОВ: СОТ МУНУ МЕНЕН ЭЛЕ БҮТПӨЙТ

Маектешкен Бекташ Шамшиев, Бишкек

10-сентябрда Бишкек шаар башчысы Нариман Түлеев маалымат жыйынын чакырып, анда Кыргыз-түрк “Манас” университетине тиешелүү 85 гектир жердин 60 гектирин сот аркылуу кайтарып алууга киришкенин билдирген. Шаар башчы университетке 25 гектир жер деле жетиштүү экенин ырастаган. Нариман Түлеев алты жылдан бери бөлүнгөн жерди Кыргыз-түрк “Манас” университети бош калтырып, иштетпей келатканын айткан. Талаштуу ишке тактык киргизип берүүнү өтүнүп университет ректору, профессор Сулайман Кайыповду кепке тарттык.

16 Сентябрь 2008

З.БЕКЕНОВА: БИЗ ЖАСАГАН ИШИБИЗ МЕНЕН ЛЕГЕНДАРЛУУ ПАРЛАМЕНТ БОЛУП КАЛАБЫЗ

Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек

Кыргызстанда күз күрөш эң оболу саясий айдыңда күч алгандай таасир берет. Буга бир жагынан өлкөдөгү оппозициялык кыймылдардын биригүүсү, мамлекеттик бийликтин аткаминерлеринин өз ар кармашы таасир берип жатса, энергетикалык кризис менен баалардын асмандашы күйүп жаткан отко май сепкендей эле кылууда. “Азаттыктын” таңкы түз маегинде парламенттеги «Ак жол» фракциясынан депутаты Зулхабира Бекенова өлкөнүн булуң-бурчундагы шайлоочулар менен жолугушуулары тууралуу кеп куруп берди.

15 Сентябрь 2008

БҮГҮН КООМДУК ПАРЛАМЕНТ ЖЫЙЫНГА ЧОГУЛАТ

Маалымат каражаттарында айтылгандай, бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылынын алдында түзүлгөн Коомдук парламент кезектеги жыйынына чогулат. Анда өлкөдөгү экономикалык жана саясый кырдаалга, сөз эркиндиги жана адам укуктарынын абалына баа берилмекчи. Мындан тышкары жыйындын катышуучулары Кыргызстандын өнүгүү концепциясын талкууга алышат. Ошол эле учурда оппозициянын мындай аракеттеринен эч майнап чыкпастыгын белгилеген саясатчылар да бар.

"АЗАТТЫКТЫН" ЖОЛУН ЧАПКАН АЗАМАТ АЛТАЙДЫ ЭСКЕРҮҮ

Мындан 55 жыл илгери 1953-жылдын 18-мартында кыргыздын чыныгы патриот уулдарынын бири, таланттуу журналист Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) диктатор Иосиф Сталиндин өлүмү тууралуу серепти кыргыз тилинде маалымдап, «Азаттык» үналгысынын (“Эркин Европа/Азаттык” үналгысынын Кыргыз кызматынын) тушоосу кесилген. «Азаттык» үналгысын негиздеген Азамат Алтай агабыздын көзү тирүү болгондо бүгүн (15-сентябрь) 88 жашка чыкмак. Анын атын түбөлүккө калтыруу үчүн Эл аралык кайрымдуулук корун түзүү демилгеси көтөрүлүп жатат.

14 Сентябрь 2008

ЭЛ ҮНҮ: МИЛИЦИЯ КОРГОЙБУ ЖЕ КОРДОЙБУ?

“Азаттыктын” “Эл үнү” уктуруусуна бул жумада кайрылгандар, электр жарыгынын убакты-мөөнөтү жок өчүрүлүп жатышы элди жүдөтүп жатканын, эркин гезиттерди жок кылуу, жабуу аракеттери туура эместигин, айыл-чарбасына көңүл бөлүнбөй дыйкындар кыйын күнгө кабылышканын, жол жүрүү маселеси оор болуп жатканын айтышты.

13 Сентябрь 2008

КҮЙДҮРГҮ КАДАМ-ЖАЙ РАЙОНУНА ЖЕТТИ

Кадам-Жай районунун аймагынан 11 адам күйдүргү дартына шектелип дарыланууда. Учурда алардын бешөөсүнүн илдети күйдүргү экени аныкталды. Алардын ичинде беш жашар бала да бар. Алдын ала иликтөөнүн натыйжасында бардык түшкөн орулуулар илдетти уйдун этинен жуктуруп алгандыгы аныкталды. Ошол эле учурда Оштогу райондор аралык ветеринардык диагностика борбору күйдүргүнүн жаңы аныкталган очокторуна айланган Үч-Коргон жана Марказ айыл өкмөттөрүнөн алынган мал этинде жана топуракта жугуштуу дарттын вирустары бар экенин тастыктады.

МАМДУМА ЧЕТТЕ ЖАШАГАН МЕКЕНДЕШТЕРГЕ ОРУСИЯ АТУУЛДУГУН БЕРҮҮ ЖОЛУН ЖЕҢИЛДЕТТИ

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

«Атуулдук жөнүндө» мыйзамга толуктоолорду Орусиянын Мамлекеттик думасы үчүнчү жана акыркы жолку окуудан өткөрүп, кабыл алды. Толуктоолор чет элдиктерди жана Орусияга мекендештерди көчүрүп алуу программасынын алкагында келип, бирок атуулдугу жок жашап жүргөндөрдү орусиялык атуулдукка алуунун тартибин оңойлотту. Буга дейре аларга коюлуп келе жаткан мыйзамдагы талаптар, маселен, каттоодон өткөн жеринде сөзсүз беш жыл жашоо талабы болбойт. Жанын багыш үчүн мыйзамдуу түрдө таап аткан кирешесинин булагын далилдештин кажети болбойт, ал тургай, орус тилин билүүнүн да кажети жок болот. Жеңилдетилген тартип эмгектенген мекендештердин керт башына гана эмес, алардын үй-бүлөсүнө да тийешелүү.

10 Сентябрь 2008

ШААР БАШЧЫ ЖЫЙЫНЫ: САЛЫКТАН КАЧКАНДАР КӨП

10-сентябрда Бишкек шаар башчысы башкалаанын жылуулук борбору менен “Түндүкэлектр” акционердик коомун кошуп бирдиктүү энергетикалык компания түзүү демилгесин ишке ашыруу аракетин жасап жатканын билдирди. Шаар башчынын айтуусунда, опсуз чоң киреше тапкан ишканалардын бир тобу салыктан качып, тапктан пайдасын жашыруунун амал-айласын жасашуда.

09 Сентябрь 2008

УТРК ӨКМӨТТӨН 540 МИҢ ДОЛЛАРЛЫК ТЕХНИКАЛЫК ЖАРДАМ АЛДЫ (сүрөт баян)

Баяндаган Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек

Улуттук биринчи каналдын жамаатына ар кандай кырдаалда окуяларды жеринен түз чагылдырууга мүмкүнчүлүк берген көчмө техниканы тапшыруу аземине президент Курманбек Бакиев катышты. Президенти өз сөзүндө өкмөттүн мындай техникалык жардамы өлкө көз карандысыздык алгандан бери Улуттук телерадио компанияга көрсөтүлгөн биринчи көмөк экенин белгиледи.

08 Сентябрь 2008

ЖАШТАР САЯСАТЫ: КИМДИ КАРАП ТҮЗДӨНӨБҮЗ?

Кыргыз бийлиги соңку кездери жаштар саясатынын концепциясын түзүү менен да алектенип келет. Президенттин администрациясы ошол концепцияны иштеп чыгуу боюнча атайын иш тобун түзүп, аны Ак үйдөгү жаш чиновниктердин бири Азамат Дикамбаев жетектөөдө. Муну демилгечилер өздөрү болочокко кам көрүү, өлкөнүн келечеги болгон жаштарга колдоо көрсөтүү аракети катары баалашууда. Ошентсе да мындай иш-чаранын аркасынан, Орусиядагы бийликчил “Наши” жаштар уюму же Өзбекстандагы “Камолот” жаштар кыймылы сыяктуу уюм Кыргызстанда да пайда болушу мүмкүн экендигин эскерткендер болууда.

ТОРЗЫМ АРТЫНДАГЫ ТУРМУШ

Парламенттин коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитеттин 8-сентябрдагы отурумунда Кыргызстандын Жаза өтөө башкармалыгынын ишин текшерүү боюнча атайын комиссия түздү. Комиссия 29-сентябрга чейин 16-колонияда 14-15-августта төрт кишинин өмүрүн алып кеткен кырсыктуу окуянын себеп-жөнүн иликтеп чыкмакчы.

07 Сентябрь 2008

ЭЛ ҮНҮ: ТЕЗЕК ТЕРЕ АЛБАГАНДАР КӨЙГӨЙҮ, ОКУУНУН КЫМБАТТАШЫ

“Азаттыктын” “Эл үнү” уктуруусуна бул жумада кайрылгандар, мамлекет жазында бир аз арзан күйүүчү май алып берип дыйкандарга колдоо көрсөтүшкөнү менен эгин чабыкка келгенде карабай коюшканын, ошол себептүү күзгү оруп-жыйуунун начар болуп жатканын айтышты. Ошондой эле талаадан тезек терүүгө чамасы жок майыптарга көмүрдү арзан берүү маселесин, жергиликтүү кеңештерге шайлоо алдында кысымчылыктар болуп жатканын, жогорку билимдин кымбаттап кетишин, баалардын өсүшүн айткандар бар.

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖОЛ КЫРСЫГЫ КӨПТҮН ӨМҮРҮН КЫЮУДА

Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абад

Жалал-Абад облусунда быйыл жол кырсыктары көп катталып, жүздөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. МАИ кызматкерлеринин айтымында, кырсыктын жылдан жылга көбөйүшүнө айдоочулардын жол эрежелерин сактабаганы себеп болууда. Коомчулуктун өкүлдөрү жол эрежесин билбеген адамдардын айдоочулук күбөлүктү сатып алып, өзү жана өзгөлөр үчүн да коркунуч туудуруп жатканын белгилешүүдө.

06 Сентябрь 2008

УЛУУ ҮРКҮНДҮН КҮБӨСҮ 104 ЖАШТАГЫ БУРМАШ ЭНЕ

Күмөндөр Усуптегин, Нарын

Нарын районундагы Орто-Саз айылында кылым карыткан Осмонбаева Бурмаш Баймат кызы жашайт. 1904-жылы туулган Бурмаш эне токсон жыл мурдагы Улуу Үркүнгө катышкан бүгүнкү замандын саналуу карыяларынын бири. “Азаттыктын” Нарын дубанындагы өз кабарчысы 104 жаштагы карыя менен анын үйүндө баарлашып кайтты.

БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНА МАМЛЕКЕТ КОШ КӨҢҮЛ

Ош облусунун мугалимдери өкмөт билим берүү тармагына кош көңүл мамилени уланта берсе, жакынкы жылдары мектептер чекесинен жабылышы толук ыктымал деп кабатыр. Ал эми облус бийлиги мектеп мугалимдеринин өздөрүнүн билим деңгээлин көтөрмөйүнчө, өлкөнүн билим берүү системасында жылыш жасоо кыйындыгын айтууда.

03 Сентябрь 2008

БЕСЛАН ТРАГЕДИЯСЫНА ТӨРТ ЖЫЛ ТОЛДУ

Муса Мураталиев, Москва

Түндүк Осетияда шаршемби күнү 2004-жылы күздө Бесланда болгон террактын курмандыктарын эскерүү өттү. Аза күтүү каадасы террорчулар басып алган мектепте алгачкы жардыруу болгон, күндүзгү саат бирден беш мүнөт өткөндө башталган. Жарым-жартылай кыйрап калган ээн мектепке эки миңдей киши келишкен. Мектеп окуучулары терракта курман болгондор эсебине келген 330 ак шарларды асманга учурушкан.

АБА КЫРСЫГЫНАН КИЙИНКИ ЖӨӨЛӨШҮҮЛӨР

Бишкектен анча алыс эмес жердеги Жаңы-Жер айылынын аймагында 24-август күнү кырсыктаган Боинг-737 учагынын кыйроо себептерин өкмөттүк комиссия иликтөөнү улантууда. Учурда Москва шаарында учактын өзү жазуучу жабдыктарын (кара кутуларын) чечмелөө иштери жүрүп жатат. Өкмөттүк комиссия болсо жума соңунда бул иликтөөнүн жыйынтыктарын жарыялоого ниеттенүүдө. Ал арада Кыргызстан бул кыйроодон бир жыйынтык чыгарып, авиация тармагын ушул абалга жеткирген чиновниктерди жоопко тартуу керектиги айтыла баштады. Жарандык авиация департаментинин жетекчилиги болсо жогорудагыдай айыптоолорду жеке кызыкчылыгы бар адамдар көтөрүп чыгып жатканын билдиришти.

02 Сентябрь 2008

“ИТЭК ЭЙР” АВИАКОМПАНИЯСЫ ЖАБЫРКАГАНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШАТ

Айгүл Жунушалиева, Бишкек

24-августта Жаңы жер айлынын аймагында Боинг-737 аба учагы кыйроого учураган. Жарылган учактагы жүргүнчүлөрдүн ылтымыш беши каза болуп, жыйырма беши ар кандай жаракат алып аман калган. Ушул тапта атайын өкмөттүк комиссия бул окуянын чоо жайын иликтеп, каза болгондордун сөөктөрүн аныктоо уланууда. Ал эми 1-сентябрда өлкө президенти Курманбек Бакиев өкмөттүк комиссиядан авиакырсыктын себептерин иликтөөнү тездетүүнү өтүндү.

01 Сентябрь 2008

А.НАРМАТОВ: БИТИРДИ МЕЧИТКЕ ЖЕ ДИНИЙ БАШКАРМАЛЫККА БЕР ДЕГЕН НЕРСЕ ЖОК

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек

Билим күнү менен мусулмандардын ыйык Орозо айы башталды. “Азаттыктын” таңкы түз обосунда Ислам университетинин ректору Абдишүкүр Нарматов мусулмандардын беш парзынын бири болгон - орозо тутуунун мааниси, дүйнөдөгү диндер ортосундагы мамилелер тууралуу маек куруп берди.

ТАЛАС ОБЛУСУНДА КҮЙДҮРГҮ ИЛДЕТИ КАТТАЛДЫ

Таластын Кара-Буура районунда эки адам күйдүргү дартына чалдыгып, ооруканага жеткирилген. Алардын бири оор абалда экени маалымдалды. Жабыркаган бул эки адам жылкы союп, анын этин элге сатканы айтылууда. Облустагы тиешелүү адистердин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча сатылган эт элден кайра чогултулуп, оорунун алдын алуу боюнча иш-чаралар жасалды. Мындан тышкары күйдүргү илдетине каршы алдын алуу иштери жүргүзүлүп, атайын штаб түзүлдү.

Сентябрь 2008

Ай, жыл тизими

Түрмөк тандоо :
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2198 - жалпы саны)

Алма: Бар болуңуздар шериненин катышуучулары!
Мен дагы кыргыз тилине кызыгып жүргөндөрдүн биридирмин.
Мени көптөн бери ойлонтуп ... Толук

Сөз таануу