Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 22:44

Эл үнү / Коом

Жарыксыз жашоо, төө буурчак мафиясы жана импичмент

Текст көлөмү - +
29.11.2008
“Эл үнүнө” кайрылган угармандарыбыз, жер-жерлерде суук башталганын, ал эми электр жарыгы дале башаламан өчүрүлүп жаткандыгын, төө бурчак мафиясы пайда болгонун, кымбатчылык тууралуу айтышты.
Ноябрь 2008
29 Ноябрь 2008

Баткен: Майыптар өкмөттөн үмүт үзгөн

Баткенде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке тартуу үчүн шарт түзүлгөн эмес. Ушундан улам майыптар өз арбайын өзү согуп, каражат таап жан багып келет.

Кыргызстанга Кытайдан сүт азыктары, жумуртка келбейт

Кыргызстан Кытайдан сүт азыктары менен жумуртка сатып алууга тыюу салды. Мындай чечим аталган өлкөдө сүт азыктарына кошулган меламинден көптөр ооруп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.

28 Ноябрь 2008

Пластикалык операциянын оң-терс жагы

Азыр пластикалык операция аркылуу келбетин өзгөртүүнү каалаган кыздар эле эмес эрекектер да көбөйгөн. Бирок адистер аны текшерүү, изилдөөдөн өтүп жасатпаса ден соолукка коркунучтуу экенин айтышат.

Өлкөдө ишкерчилик кылган майыптар өтө аз

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында жумушсуздук эң олуттуу проблемалардын бири. Ишке жарамдуу майыптардын аз гана пайызынын жумушу бар. Ал эми ишкерчилик менен алектенгендер чанда гана кезигет

27 Ноябрь 2008

Иранда он киши дарга асылды

Иранда 26-ноябрда 10 киши өлүм жазасына тартылды. Алардын бири – аял болду. Укук коргоочулар ал аял убактылуу күйөөсүн кызын зордуктаганы үчүн өлтүргөнүн айтышууда.

Чүй: Кургакчылык запкысын тарткан дыйкандар

Азыр Чүй дыйкандары кирешесин санап, жазга кам көрө баштады. Күздүк эгин себүү менен алектенгендер бар. Быйыл жазда үшүк жүрүп, кургакчылык да болуп көп дыйкандардын маңдай тери акталбай калган.

26 Ноябрь 2008

Кыргызстанда мунжу-майыптар саны өсүп жатат

Кыргызстанда 111 миң 400 киши майып болуп эсептелет. Бул жалпы калктын 2 пайызын түзөт. Алар мамлекеттин майыптарга карата жүргүзгөн социалдык саясатына ичтери жылыбайт.

Аялдарга зомбулук көрсөткөн бир да эркек жоопко тартылган эмес

25-ноябрь аялдарга зомбулук кылууга каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү. Акыркы төрт жыл ичинде Кыргызстанда беш миң зомбулук көрсөтүү фактысы катталса, жабыркагандардын 90 пайызы аялдар.

Ош: Майып балдар өлкөгө кызмат кылууга дилгир

Түштүктөгү азиз, көрүүсү начар балдардын жалгыз мектебинде жүздөн ашык бала тарбияланууда. Андагы окуучулар коомдук иштерге жигердүү катышып, өз парламентин түзүп, түркүн сынактарда жеңип келишет.

25 Ноябрь 2008

Майыптын да колунан иш бүтөт

Жакында кыргызстандык майыптардын бейөкмөт уюмдары биригип, ассоциация түзүштү. Алар биригүү жолу менен эл аралык уюмдардын жардамын натыйжалуу пайдаланууну максат кылышууда.

А.Жураев: Жаштарга кезек бере турган мезгил келди

Абдилатип Жураев – Түркиядагы кыргыз ишкери. Убагында кыргыз студенттеринин арасында Түркияга барып окуган алгачкы жаштардан. Азыр ал Стамбул шаарында пластик эшик-тезерелерди жасоочу станокторду чыгарган ишкананын жетекчилеринин бири. Жакынкы 5 жылда аралыгында А.Жураев өз бизнесин Кыргызстанга көчүргөнгө аракет кылып жатканын билдирди.

“Халал” жайлар атына заты төп келбейт

Кыргызстанда “халал” деген ат менен ачылган тамак-аш сатуучу жайлар көбөйүүдө. Адистер алардын көбү талапка жооп бербей, акыркы кездерде жөн гана кардал тартуунун жолуна айланып баратканын айтышууда.

22 Ноябрь 2008

Урологиялык дарттар улуттун генофондун бузат

Кыргызстандын башкы урологу Акылбек Усупбаевдин айтымында, өлкөдө урологиялык дарттар күчөп жатат. Улуттук госпиталдын курамында турган урологиялык институт өзүнчө бөлүнүп чыкса бул тармакты жакшыртууга шарт түзүлмөк.

Сүрөт баян Ош: Айт күнү тополоң салгандардын соту башталды

Ош облустук соту Орозо айтта Ноокат райондук акимчилигин таш бараңга алды, жашы жетелек өспүрүмдөрдү кылмышка тартты, деп айыпталган отуз эки адамдын ишин карай баштады. Учурда күбөлөр суралууда.

US NIC: 2025-жылдагы дүйнө жана анын болжолдуу бейнеси

АКШнын Улуттук чалгындоо кеңеши кезектеги докладын жарыялады. Документте алдыдагы жыйырма жыл ичинде дүйнөдө кандай өзгөрүштөр болору божомолдонот.

21 Ноябрь 2008

Чет өлкөдөн бакыт издеген кыргыз кыздары

Дүйнөнүн ааламдашуусу менен чет жерден кыз алып, кыз бергендер көбөйдү. Кыргыздын кыздары ары жагы АКШ, бер жагы Кытайга кетип атса, кыргыз жигиттери вьетнам, жапон, немис кыздарына үйлөнүүдө.

Каракчылардын кантип катыгын берүү керек?

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун каракчылыкка каршы натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырды. Сомалинин жээктерине аскер деңиз кемелерин жөнөткөн өлкөлөрдүн чечимин кубаттап, баш катчы мындай кадамды аталган райондо коопсуздукту чыңдоонун кепилдиги катары баалады.

Бүгүн – Балдардын дүйнөлүк күнү

1954-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 20-ноябрды Балдардын дүйнөлүк күнү катары белгилөөнү сунуштаган.

20 Ноябрь 2008

Кризис мандикерлердин да кылтасын кыркат

Чет жактарда жалданып иштеп жүргөн мигранттар быйылкы жылы өз өлкөлөрүнө 280 миллиард доллар акча которушту. Дүйнөлүк банктын эсебинде эмдиги жылы бул агым Европанын чыгышында жана Борборазияда кескин кыскарат.

19 Ноябрь 2008

Кыргызстан өнөкөт өпкө ооруларынын саны боюнча биринчи турат

Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан өнөкөт өпкө оорулуулардын саны боюнча алдыңкы орунда турат. Республика боюнча ушул дартка чалдыккандардын саны отуз эки миңге чамалайт.

Той-аштарга кеткен чыгымдар көбөйүүдө

Кыргызстандыктар той-аштарды өткөрүүгө ушул жылы эле 40 млрд. сомдон ашык каражат жумшаган экен. Бул - ички дүң продуктунун үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Ким жаңы газ эсептегичин койдурбаса газы жок калат

Газ пайдалануу үчүн жаңы эсептегичтерди койдуруудан айрым абоненттер баш тартып жатышат. Эгер аларга түшүндүрүү иштери таасир этпесе, мындай керектөөчүлөргө газ берүү токтотулат.

Каракчылар дагы бир кемени басып алышты

Кара май тартып бараткан дагы бир кемени Сомалиде каракчылар басып алышты. Алардын колуна түшкөн Sirius Star кемесинин бортунда эки миллион баррель мунай бар, анын жалпы баасы 100 миллион доллардан ашат.

18 Ноябрь 2008

Дүйнөдө 300 миң улан-кыз согуштарга тартылган

Бириккен Улуттардын Балдардын укуктары боюнча конвенциясы жаш балдарды согушка тартууга тыюу салат. Бирок эл аралык келишимдерге карабастан жашы жете элек улан-кыздар дүйнөнүн булуң-бурчундагы согуштарга катышып келатышат.

16 Ноябрь 2008

Апта: Президенттин келишин күткөндөр, курултайга даярданган оппозиция...

Өткөн аптада саясий турмушта бурулуш из калтырган ири окуя болгон жок. Бирок бийлик президенттин жок экендигин билдирбей жардыктарды чыгарып, оппозициячыл эки кыймыл курултайга даярдык көрүүдө.

Акыйкат маалыматка суусагандар, жарык жана жылуулук көйгөйү

“Эл үнү” уктуруубузга бул жолу кайрылган угармандарыбыз суук кирип келгенин, ошентсе да электр жарыгы айрым жерлерде жумалап жок болуп жаткандыгын жана бир катар маселелерди сурашты.

Чоң кыргыз, уругуң ким, урууң ким?

Кыргызстан системалык кризистен кутулуп чыгыш үчүн өзүнүн улуттук уңгусуна кайрылып, башкаруу философиясын өзгөртүшү керек. Ушундай идеяны биртоп кыргыз интеллигенттери колдоп, уруучулдукка жаңы өң-түс берүү аракети башталууда.

14 Ноябрь 2008

Талас жаштары нуралыктарга жардам берет

Талас шаарындагы окуучулар Нура айлындагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кайрымдуулук концерт өткөргөнү жатышат. Буга чейин шаардагы мектептердин баарында дал ушундай максатта акциялар өткөн.

Кытайдын курту кыргызды курутабы?

Кытайдан келген 800 тонна ун курттап, темир калдыктарына толгонун орусиялык адистер тастыктады.Айыл чарба министрлигинин экспертиза борборунун башчысы Жолон Омкеев бул боюнча “Азаттыкка” маек курду.

13 Ноябрь 2008

Бишкекте жолбун иттер адамдарга асыла баштады

Акыркы кездерде Бишкек шаарында жолбун иттердин көбөйгөнү айтылууда. Шаар тургундары көчө иттердин эми адамдарга, айрыкча аялдарга жана балдарга асыла баштаганын айтып, кооптонушууда.

Ошто диний кырдаал опурталдуу

Ош мэриясында диний кырдаал талкууланып, экстремисттик мүнөздөгү агымдар аймакта үстөмдүк кылып баратканы белгиленди. Айрым пикирлерге караганда, мындай опурталдуу күчтөргө карата чечкиндүү чара көрүлбөсө, 2005-жылкы кандуу Анжиян окуясы Ошто да кайталанышы ыктымал.

Кеминде суусуз калган айылдар көп

Кеминдин айрым айылдарында ичкен сууну саткан учурлар болууда. Боролдой, Бейшеке өңдүү айылдардагы кары-картаңдар алыстан суу алып келе албагандыктан сууну чакалап сатып алууга аргасыз.

Жети-Өгүз элинин Кумтөргө дооматы күч

Жетиөгүздүктөр Кумтөр кенинен чыккан радиация терс таасир берүүдө деп тынчсызданышууда. Бул тууралуу Саруу айылынын тургуну, дарыгер Киров Султанов “Азаттыктын" түз ободогу суроолоруна жооп берди.

12 Ноябрь 2008

Сафарбек Солиев: Борбор Азиянын келечегинен үмүтүм жок

Борбор Азия өзүнчө аймак болгону менен, анын курамындагы өлкөлөрдүн ортосунда ынтымак жок, чыр көп. Ушул абалга байланыштуу тажик режисеру Сафарбек Солиев Азаттык менен ой бөлүшүп, абал өзгөрбөсө, кеч болуп баратканын эскертти. Тажикстандагы ички согуштан качып, бүгүн Кыргызстанды өзүнүн экинчи мекени санаган белгилүү режисерду Каракол шаарында анын тасмасы көрсөтүлгөн "Бир Дүйнө" фестивалынын мезгилинде кабарчыбыз Жаңыл Жусубжан сөзгө тартты.

Ош: Университеттер жаш кадрлардан аксап жатат

Өлкөдө кесибин таштап чет өлкөгө жумуш издеп кеткендердин көпчүлүгүн мугалимдер түзөт. Талдоочулар эми азык-түлүк каатчылыгынан улам окутуучу адистигинен айныгандар дагы көбөйөт деп кабатырланышууда.

11 Ноябрь 2008

Германия “Хрусталь түнүнүн” курмандыктарын эскерүүдө

1938-жылы 10-ноябрга караган түнү Берлин, Вена жана Мюнхен шаарларында нацисттер жөөттөрдү массалык түрдө жок кылган. Бул окуя Холокосттун башталышынан кабар берип, тарыхта “Хрустал түнү” (Kristallnacht) деген ат менен калган. Мындан туура 70 жыл мурда болгон окуяга байланыштуу Германиянын канцлери Ангела Меркел айым бул күнү атайын билдирүү менен чыкты.

Жаштар саясаты жаңыча жүргүзүлөт

10-ноябрь Кыргызстан жаштарынын күнү. Бул күнү Бишкекте ири жыйын өтүп, анда жаштар саясаты боюнча жаңы улуттук концепция талкууга коюлду.

10 Ноябрь 2008

Электр жарыгы көйгөйү, сөз эркиндигинин торолушу

“Эл үнүнө” бул жолу кайрылган угармандарыбыз сөз эркиндигинин абалына капа болушуп, энергетикалык кризис, кыштын да кирип келип калганын, суу сактагычтардагы суулардын дале аз болуп жатканын айтышты.

08 Ноябрь 2008

"Ата бейит" - каар замандын эстелиги

Бүгүн “Ата Бейит” мемориалдык комплексинде мындан 70 жыл илгери Сталиндик репрессияга туш болгондорду эскерүү митинг-реквием болду.Бул жерде 1938-жылы 8-ноябрда бейкүнөө атылган атылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн.

Озонотерапия – көп дарттарга даба

Озонотерапия көп дарттарга, өзгөчө жер титирөөдөн жабыр тарткандарга, малдардан жукчу дарттарга, жыныстык ар кандай ооруларга эм болот.

Ала-Тоодо мөңгүлөр азайып баратат

Кыргызстандын сүрөтчүлөр жамааты жана “Мөңгү” фонду кыргыз мөңгүлөрүн сактап-коргоо боюнча кайрылуу менен чыкты. Жер шарынын глобалдык ысуусунан жана экологиялык булгануудан мөңгүлөр эрип баштады. Кыргыз мөңгүлөрүнүн Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы Борбордук Азияга мааниси чоң. Андыктан тоо-таштарды бузуп-жарууну токтотуу зарыл.

07 Ноябрь 2008

Иса Өмүркулов: Бюджеттин олчойгон бөлүгүн аткаминерлер жейт

Жаңы жылдын бюджетинде мугалимдер менен врачтар үчүн каралган каражат азайтылып, президенттик администрация менен өкмөттүк аппаратка көбөйтүлгөн.

Жоолукчандар үчүн окууга жол жокпу?

“Манас” университетинде жоолук салынган кыздарды сабакка катыштырбай чыгарып жиберишкен. Алардын укугун коргоо максатында “Мутакаллим” мусулман аялдар коому жогорку бийлик башчыларына кайрылды.

Сөз эркиндигин тороо аракеттери күчөй баштадыбы?

Маалымдоо каражаттарынын адистери Маалымат жана басма сөз күнү жалпы журналисттер коомчулугу үчүн чоң майрам болгону менен соңку кездери сөз эркиндигинин чектелип баратканын айтышат.

06 Ноябрь 2008

Барак Обама буга чейин баскан жол

4 жыл бою Иллинойс штатынан АКШ сенатору болуп иштеп келген демократ саясатчы Барак Обама, ошентип, шейшембиде АКШ президенти болуп шайланды. Анын буга чейинки өмүр жолундагы урунттуу учурлары кандай болду экен?

05 Ноябрь 2008

“Замандаш” бирикмеси Нура айылына жардам алып барды

Зилзаладан кыйраган Алай районундагы Нура айылына Орусияда жана Казакстанда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү гуманитардык жардам жеткиришти.

04 Ноябрь 2008

Таласта облустук оорукананы көчүрүү көйгөй болду

Талас шаарындагы облустук оорукана губернатордун чечими менен Талас районуна караштуу Көк-Ой айылындагы райондук оорукананын имаратына көчүрүлө турган болду.

Нарын: Мектеп рэкетчилигине каршы “Демилге”

Нарын шаарында окуучулар арасындагы рэкетчиликке каршы “Демилге” аттуу усулдук борбор ачылды. Мындай борборду түзүү демилгесин шаар милициясы бул көрүнүш эпсиз жайылып бараткандыктан көтөрүп чыкты.

03 Ноябрь 2008

Бишкекте баарынан кыйыны - жол тыгыны

Батыштын ири шаарлары сымал Бишкекте да жол тыгындар көйгөйлөрү пайда боло баштады. Айрыкча электр жарыгынын өчүшүнөн борбордук көчөлөрдө күчөгөн автоунаа тыгындары шаар тургундарын нааразы кылууда.

02 Ноябрь 2008

АКШ: Куурчак менен бет кептин “шайлоосу”

Деги, жума күнү АКШда белгиленген “Халлоуин” майрамы учурунда кайсы талапкердин беткеби көбүрөөк сатылгандыгынан улам АКШда ким президент болоорун алдын-ала аныктай алабызбы?

Ноябрь 2008

Ай, жыл тизими

Түрмөк тандоо :
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу