Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 11:48

Эл үнү

Кыргызстан камсыздандыруу тармагында да артта

Текст көлөмү - +
28.02.2010
Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин милдеттүү түрдө камсыздандыруунун түрлөрү киргизилген эмес. Камсыздандыруу боюнча адистердин айтымында, бул жаатта өлкө кыйла эле артта калды. Ал эми өкмөт ушул тапта милдеттүү түрдө камыздандыруу жана алардын тарифтерин аныктоо жаатында иштөөдө.
Февраль 2010
28 Февраль 2010

Чили: Зилзала курмандыктарынын саны 70тен ашты

Чилиде катуу жер титирөө болуп, азырынча 70тен ашуун кишинин каза тапканы маалымдалууда. Күчү 8,8 баллга жеткен силкинүүнүн очогу өлкөнүн экинчи ири шаары Консепсьондон 100 чакырым алыстыкта орун алган.

27 Февраль 2010

Ташкендеги "Караван базарды" каныке Гүлнара алат дешет...

Былтыр декабардан бери Өзбекстандын баш прокурорлугу Ташкендеги “Караван базардын” жетекчилигиндеги жемсөөлүктү териштирүүдө.

26 Февраль 2010

Оппозициядагы оюндар, дирижёр “ак үй”...

Бириккен элдик кыймылдан (БЭК) буга чейин “Ак шумкар”, “Асаба” партиялары чыгып кеткен эле. Эми БЭК өз курамынан Элдик кеңешти чыгарды. “Ак үйдүн” саясий технологдору ал арада Ынтымак курултайына булардын кайсы бир бөлүгүн тартып алууга үмүт арткан дешет. Бирок БЭК да, Элдик кеңеш да, “Ак шумкар” партиясы да бийлик курултайына барбай турган болушту.

25 Февраль 2010

Айгүл Хакимова: Казак качкындары күрөштү токтотпошу керек

Былтыр декабрда Словения Казакстандан качып келген төрт үй-бүлөнүн бирине “саясий качкын” статусун берди. Качкындар өздөрү Казакстанда аларды “салафиттер” деп, куугунттукка алышканын айтышат. Мына ушундай эле себеп менен Чехияда жүргөн 205 казак жаранына бир нече жылдан бери качкын статусу берилбей келет. Словенияда казак үй-бүлөсүнө качкын статусун алганга “Рог” деп аталган социалдык борбор жардам берген. Анын лидерлеринин бири – кыргызстандык Айгүл Хакимова – кабарчыбыз Төрөкул Дооровдун айрым суроолоруна жооп берген.

Сүрөт баян Президент Виктор Ющенко жалпыз кургатканда

Беш жыл мурдакы “саргылтым ынкылаптын” толкунунда Украинадагы бийликтин башына келген Виктор Ющенко бийликтен кетүүдө.

Видео тасма Жаштар 60 тыйынга каршы

24-февралда жаш укук коргоочулар түйүндүк кошулуулар үчүн алынып жаткан кошумча төлөмгө каршы акция өткөрүштү. Байланыштын кымбатташы жана акция мындан ары кандай багытка уланат?

Видео тасма “Азаттык+”: Мекенди коргоо деген кесип бар

Ар бир мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн аныктаган белгилеринин бири - куралдуу күчтөр жана анда кызмат өтөгөн жоокерлердин күжүрмөн даярдыгынын деңгээли. 1999-2000-жылдагы Баткен окуясынан кийин Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн деңгээли, жоокерлердин даярдыгы төмөн деген көз караш өзгөрө элек.

Иран кыргыз учагынан террорчу таптыбы?

23-февралда “Кыргызстан” авиакомпаниясына тиешелүү “Дубай - Бишкек” каттамындагы Боинг учагын Ирандын эки тез учагы Бандар-е-Аббас шаарынын аба майданына мажбурлап кондурган.

Видео тасма Коргоого муктаж балдар, кордолгон укуктар

Укук коргоочулардын айтымында, өлкөдө 18ге чыга элек балдардын көбүнүн укуктары корголбойт. Андыктан балдарды юридикалык, социалдык жактан коргоо үчүн өкмөттүк эмес уюмдар биригип иш алып бармай болушту.

Д.Үсөнов: “Түндүкэлектрону” 1 долларга деле сатмакпыз

Премьер-министр Данияр Үсөнов 24-февралда айрым өкмөт мүчөлөрү менен бирге маалымат жыйынын өткөрдү. Премьердин айтымында, былтыр экономикада кыйла жылыштар болуп, инфляциянын деңгээли нөл пайызды түздү.

Нарында митинг: кымбатчылык кыжырга тийди

24-февралда Нарын шаарында жүздөгөн адамдар митингге чыгып, электр наркын кымбаттатууга, электр акысын төлөөгө берилген жеңилдиктерди алып салууга каршылык билдиришти. Митингичилер Президентке, Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алышып, талаптарды орундатууга 10 күндүк мөөнөт коюшту.

Видео тасма “Ыңгайсыз суроолор”: Багытын издеген Кыргызстан

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы өлкөдөгү соңку саясий-экономикалык жагдайга жана Кыргызстандын тышкы маселесине арналды.

24 Февраль 2010

Кубада саясый ачкачылыктан экинчи диссидент өлдү

Шейшемби күнү Гаванада абийир туткуну Орландо Запата Тамайо көз жумду. Маркум Кубада акыркы 40 жылга жакын убакытта саясый көз карашы үчүн абакта отуруп, ачкачылык акциясы мезгилинде көз жумган биринчи инсан.

Кымбаттоонун аягы көрүнбөйт...

1-марттан тарта бишкектиктер 1 метр куб муздак сууга 4 сом 48 тыйын, канализацияга 1 сомдон төлөй баштайт. Азыр суу үчүн 3 сом, канализацияга 70 тыйындан алынат.

Түркия: Генералдар камакка алынды, саясий тирешүү күчөдү

Түркияда ушул дүйшөмбүдө элүүдөн ашык генерал камакка алынып, исламга ыктаган бийликтеги Ак партия менен Мустафа Кемел Ататүрк негиздеген секулярдык саясатты жактоочу "кемелчилердин" тирешүүсү болуп көрбөгөндөй курчуду.

Карзай шайлоо комиссиясын "жүгөндөй алабы?"

Ооган президенти Хамид Карзай Шайлоо боюнча даттанууларды текшерүүчү комиссияны өз көзөмөлүнө алганы тууралуу жарлык чыгарды.

А.Кыязов: Эл руханий кризисте

М.Рыскулов атындагы Нарын музыкалык театрынын музыка бөлүмүнүн жетекчиси, белгилүү обончу Адылбек Кыязов кыргыз театрларынын учурдагы абалы, мамлекет тарабынан маданият тармагына көңүл бурулбай калганын “Азаттыкка” берген маегинде кеп салып берди.

23 Февраль 2010

Нью-Йорктун метросун жардырам деген мигрант соттолууда

Нью-Йорктун метросун жардырууга камынган деп айыпталган ооганстандык мигрант дүйшөмбүдө сотто күнөөсүн мойнуна алды. Ал Пакистанда “Ал-Каиданын” лагеринде даярдыктан өткөнүн билдирди.

Майлуу-Суу: Жер көчкүчө, эл көчсүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Майлы-Суу шаарына жакын аймакта көчкү жүрүшү ыктымал деп эскертүүдө. Кыргызстандагы уран калдыктары көп сакталган шаардагы экологиялык коркунуч жөнүндө "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты Бүмайрам Мамасеитова баяндап берди.

22 Февраль 2010

Түрк тасмасы Берлин сыйлыгын жеңди

Берлин кинофестивалында балчы атасын издеп, токойду аралап кеткен алты жаштагы бала жөнүндөгү «Бал» деген фильм "эң мыкты тасма" деп табылды. Ал Түркияда тартылган. Учурда Швейцарияда камакта отурган Роман Поланскийдин эң мыкты режиссер деп табылышы фестивалда айрыкча кызыгууну жаратты.

Революция өз балдарын аябайт

Исмаил Исаковдун көрсөтмөлүү соттук териштирүүсү аягына чыгып, аскер сот коллегиясы гарнизондук сот өкүмүн күчүндө калтырды. Улам жогорулап бараткан сот бийлик тепкичтеринен ушундай чечимдер чыгарын айрым байкоочулар мурда эле болжолдоп келишкен.

19 Февраль 2010

Ооганстан: Маржанын тургундары эки оттун ортосунда калды

Ооганстандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында НАТО жана ооган күчтөрүнүн Талибанга каршы ири операциясы жүрүп жатканына бүгүн жетинчи күнгө аяк басты. Кабарларга караганда, чабуулдун негизги бутасы -Маржа шаарында козголоңчулар аялдар менен жаш балдарды тирүү калканч катары пайдаланышууда.

Үч киттин ортосундагы оюндар…

Кыргызстанга АКШнын президенти Барак Обаманын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук (Richard Holbrooke) иш сапары менен келатат. Ал бүгүн түштөн кийин Бишкекте Президент К.Бакиев менен жолугушат. Тышкы саясатында көп багыттуулукту карманабыз деген Кыргызстан соңку кездери Орусия, АКШ жана Кытайдын ортосунда чарпылууда.

Аккан сууда арам жок

18-февралда парламент депутаттары радиациялык коопсуздук жана ичиле турган суунун тазалыгы жөнүндө мыйзам долбоорлорун кабыл алды.

2009: Журналисттер үчүн эң оор жыл

Акыркы 30 жылды алганда 2009-жыл жалпы журналисттер үчүн эң кооптуу болду деп табылып, бул жылы дүйнө боюнча 70 журналист киши колдуу болгон. Ушундай иликтөөсүн эл аралык "Журналисттерди коргоо" комитети жарыялады.

Мамлекеттик кеңеш - бийликти узурпациялоо амалыбы?

“Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбору Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган Конституциянын долбоору атуулдардын саясий укугуна коркунуч туудурган, бир ууч топтун бийликти узурпация кыла турган саясий коррупциясы катары эсептейт.

18 Февраль 2010

Видео тасма Э.Каптагаев: Элдик курултайда олуттуу маселелер көтөрүлөт

17-мартка белгиленген Элдик курултай, анда көтөрүлө турган маселелер, саясий абал, бийлик менен оппозициянын тиреши тууралуу Бириккен Элдик Кыймылдын лидерлеринин бири Эмил Каптагаев “Азаттыкка” маек курду.

Кыргызстан: мигранттар ВИЧ/СПИДди жайган булакка айландыбы?

Бишкек жана Ош шаарларында эмгек мигранттар четке аттанган жайларда: аэропорт, бекет, ири базарларда, ошондой эле Эмгек, калкты ишке жайгаштыруу жана миграция министрлигинде ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуунун алдын алуу боюнча маалымат бериле баштайт.

Google онлайн саякатка чакырды

Google компаниясынын Орусиядагы бөлүмү Орус темир жол каттамдары ишканасы менен биргеликте интернет колдонуучуларын Транссибирь магистралы аркылуу өлкөнүн 12 облусуна, 87 шаарына чыгара баштады.

Жети-Өгүздүн эли француздар менен кантип достошту

Көл кылаасындагы Жети-Өгүз айлы Франциядан, болгондо да атактуу кызыл шарап чыккан Бордо аймагынан бир тууган таап отурат. Ортодо данекер болгон Азамат Кадыралиев – кыргыз-француз достук коомунун президенти.

Видео тасма Ынтымак курултайына оппозиция да чакырылды

Ынтымак Курултайын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети Курултайга оппозициялык партияларды, жарандык уюмдарды өздөрүнүн талапкерлерин активдүү көрсөтүүгө чакырык таштады. Айрым саясий партиялар болсо алдын-ала эле Ынтымак курултайынан баш тартышканын билдиришүүдө.

Жаныш Бакиев элиталык аскердик бөлүк түздү

Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси, президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев “Арстан” аттуу өзгөчө аскердик бөлүк түздү. “Арстандын” негизги максаты - өлкөнүн жогорку жетекчилерин аскердик коргоого алуу болмокчу.

17 Февраль 2010

Видео тасма Кыргыз адабиятынын келкели качан келет?

“Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы кыргыз адабиятынын азыркы абалына жана көйгөйлөрүнө арналды.

Кар көчкү коркунучу, коопсуздук аракеттери

Кыштын ызгардуу суугунан кийин тоолордогу абал, алыскы аймактардын тургундарына жардам тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов “Азаттыкка” маалымат берди.

А.Бекназаров: Депутат Бакиев энергетиканы сатууга каршы болгон

Бириккен Элдик Кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров Исмаил Исаковдун соту, бөлүштүргүч компаниялардын сатылышы, Элдик курултайды чакыруу жана бийлик тараптагы абал тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Ооган крикетинин сыйкыры

Крикет боюнча дүйнөлүк 20 тың өлкөнүн чемпионатында Ооганстандын крикет командасы көпчүлүктү айран-таң калтырууда. Бир жылдын ичинде aл 130 орундан эң мыкты 15 крикетчи команданын катарына кирди.

А.Жекшенкуловдун соту соңуна чыкканы калды

Оппозициянын көрүнүктүү ишмерлеринин бири, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго тагылган айыптар боюнча соттук териштирүүлөр соңуна чыгып баратат. Эми кийинки сот процессинде тараптар териштирүү иштеринин соңуна чыкканына байланыштуу соңку сөздөрүн айтса, сот чечим чыгарышы мүмкүн.

"Таза вино" деген эмне?

Вино (же шарап) – даярдалышы, сакталышы жагынан өтө назик ичимдик. Азыр Бишкектеги кайсыл дүкөнгө кирбеңиз, дүйнөнүн чар тарабынан винонун түрлөрүн таба аласыз. Аларды сапаты жагынан жогору деп сатышат. Бирок эмне үчүн анын болгону 1-2 бокалынан эле эртеси күнү баш ооруйт?

16 Февраль 2010

Кеңешбек Дүйшөбаев: Элди биримдикке чакыралы

Кыргызстанда үчүн уруучулук саясаты канчалык зарыл? Бул тууралуу “Акыйкат” партиясынын лидери Кеңешбек Дүйшөбаев “Азаттык” менен пикир бөлүштү.

Видео тасма “Ата мекен” Ынтымак курултайына катышпайт

Март айына белгиленген Ынтымак курултайы тууралуу “Ата мекен” социалисттик партиясынын лидерлеринин бири Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” маек курду.

Ингушетияда жыйырмага жакын согушкер жок кылынды

12-февралда Ингушетиянын Сунжен районундагы Аршты жана Датых кыштактарынын жанында куралчан согушкерлерге каршы операция өттү. Анын жыйынтыгында атышуу болгон жерден сегиз кишинин денеси табылган.

Видео тасма Кыйналган эл, чечилбеген чек ара маселеси

Өзбекстандын чек ара кызматы кыргыз жарандарын өз аймагына үч айда бир гана жолу өтүүгө укуктуу деп чектөө киргизгени жергиликтүү калкты бушайманга салды. Бирок Кыргызстандын Чек ара кызматы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде андай чектөө жокко чыгарылып, маселе жөнгө салынганын билдиришүүдө.

Видео тасма Жашасын улуу сезимдер!

Соңку мезгилдерде айрыкча жаштар арасында 14-февраль кадыресе эле чоң майрамга айланды. Көптөрү жүрөктө катылган улуу сезимди дал ушул күндө чыгарууну пландашат. Анткен менен муну майрам катары эсептебегендер да жок эмес.

Видео тасма Ооган согушунун курмандыктары эскерилди

Бишкекте 15-февралда Ооганстандан Советтер союзунун аскерлеринин чыгарылышынын 21 жылдыгы белгиленип, согуштан кайтпай калган аскерлер эскерилди. Ага ооган согушунун катышуучулары, коомдук-саясий ишмерлер катышты.

Курултайга молдолор атайын кийим тиктиришүүдө

Биринчи ынтымак курултайына Кыргызстандагы диний конфессиялардан 20 өкүл делегат болуп катышат. Мусулман өкүлдөрү курултайга кийип барганга атайын окшош кийим тиктиришүүдө.

Видео тасма "Азаттык+": Азык-түлүктөр жана саламаттык

“Азаттык+” жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы “Гени өзгөртүлгөн азык-түлүктөр жана саламаттык” деген темага арналды.

Видео тасма Байкал көлүнүн тазалыгы үчүн кармаш уланууда

13-февралда Иркутск шаарында эки миңге чукул киши Байкал целлюлоза-кагаз комбинатын жабуу талабы менен нааразылык акциясына чыгышты. Алардын сунушу боюнча Байкальск шаарынын тургундарын башка иш менен камсыз кылуу керек.

15 Февраль 2010

Видео тасма Д.Ошуракунова: Курултайга оппозиция чакырылышы керек

Ынтымак курултайына делегаттарды шайлоо, ага карата бейөкмөт уюмдардын мамилеси тууралуу “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова “Азаттыкка” маек курду.

Видео тасма Алай: суракка чакырылгандар жана тартипке үндөгөндөр

Сегиз жылга кесилген мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун таламдаштары 3-февралда Алайдын Сопу-Коргон кыштагында митинг уюштурушкан. Нааразычылык акциясына катышкандардын бири – “Ата Мекен” партиясынын Саясий кеңешинин мүчөсү, уюмдун Ош облусу боюнча орун басар координатору Төлөгөн Келдибаевди аймактык Улуттук коопсуздук кызматы суракка алып, “элди баш аламандыкка чакырып, конституциялык түзүлүштү кулатууга үндөгөнсүң” деп айыптады.

14 Февраль 2010

И.Исаков: Алгач армияны оңдоюн, анан атамдын үйүн...

11-февралда Исмаил Исаковдун 8 жылга кесилип, УКМКнын абагына түшкөнүнө туура бир ай болду. Исаковдун кичи мекени Алай районунда анын камалышына нааразылыктар күчтүү.

Видео тасма Ош: тизме чакан, маселелер арбын

Ош шаарында өткөн курултайда менчиктештирүү, миграция жана улуттар аралык маселелер көтөрүлдү. Бул жыйында Ынтымак курултайына делегаттарды тандоодо элдин пикири эсепке алынбагандыгы нааразычылык жаратты.

13 Февраль 2010

Эл - тоодогу калың жааган кардай

"Азаттыктын" “Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар электр кубатына баанын кымбатташына нааразы болушуп, алдыда болуучу Ынтымак курултайына көз караштарын билдиришти.

Ванкуверде кышкы олимпиада ачылды

Төрт жылда бир өтчү бул мелдеште дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн беш жарым миңдей спортчу күч сынашканы турат. Олимпиадалык мелдештер 16 күнгө созулат. BC Place стадионунда өтө турган оюндардын ачылыш салтанатына 60 миң адам күбө болду. Ванкувер олимпиадасында Кыргызстандын желегин лыжачы Дмитрий Трелевский көтөрүп чыкты.

12 Февраль 2010

Сүрөт баян Жаштар таштандыларга каршы!

Жаштар таштандылар менен күрөшүүнүн жаңы жолун ойлоп табышууда. Алар ыргытыла турган буюм-тайымдарга экинчи өмүр берүүнү үйрөнүп, шаарды таза кармоого чакырык ташташты.

Видео тасма Д.Сарыгулов: Ынтымак курултайы - мыйзамда жок иш-чара

Коомдук ишмер, мурдагы Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов Ынтымак курултайын кыргыздан тарыхын, салтын, наркын билбегендер ойлоп таап, уюштуруп жатат деп сынга алууда. Анын көз карашында бул курултай Конституцияда каралган эмес, ошол себептүү анын чечимдеринин баары мыйзамсыз болуп саналат.

Мектептеги рэкеттин күч алганы үчүн ким жооптуу?

Акыркы маалыматтар боюнча мектептерде рэкетчиликке кыздар да тартылып жатат. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты, Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Гүлжамал Султаналиева “Азаттыкка” маек курду.

Видео тасма Ө.Текебаев: Байлыкты көздөгөн саясат жүрүүдө

Кыргызстандагы соңку саясий кырдаал, кирешелүү стратегиялык ишканалардын сатылышы, Ынтымак курултайы тууралуу «Ата мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттык” менен ой бөлүштү.

Видео тасма Муфтий Мураталы ажы Жуманов: “Динге да билимдүүлөр керек”

Ылайык (светтик) өлкөдө муфтийлер эркин иш жүргүзө алабы? Башка дин өкүлдөрүнө, интеллектуалдык исламга муфтийдин көз карашы кандай. "Азаттыктын" суроолоруна Кыргызстан Мусулмандар муфтийи Мураталы ажы Жуманов жооп берди.

Б.Бешимов: Жыйырма жыл адашып жүргөнүбүз жетишет

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Б.Бешимов Кыргызстанда анын өмүрүнө коркунуч туулгандыгынан улам АКШга чыгып кеткенин “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Испаниядагы "Сүмөлөк"

Улам жакында келаткан Нооруз майрамында көпчүлүк сүмөлөктү күтөт. Бул ирет мындай жаз азыгы менен катар, ушул эле аталышта журнал да, болгондо да испан тилинде, жарык көрө баштайт.

Стратегиялык тармактарды кимдер колго алууда?

Тарифтердин көтөрүлүшүнөн кийин дароо сатыла баштаган мамлекеттик ири ишканалардын тагдыры көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Оппозиция өз кезегинде коррупциялык схемалар боюнча эл байлыгы таланып атканын, убагы келгенде буга тиешеси барлардын баары жазаланарын айтышууда.

11 Февраль 2010

Видео тасма Кар көчкүдө камалып калгандарга жардам көрсөтүлүүдө

Калың жааган кардын кесепетинен жабыркагандарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан түрдүү жардамдар берилип жатат. Булар тууралуу “Азаттыкка” министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Абдышарип Бекилов маалымат берди.

Видео тасма Салижан Жигитовдун мурастары жоголбойт

11-февралда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде белгилүү коомдук ишмер, маркум Салижан Жигитовдун элесине арналган илимий жыйын өтөт. Иш-чараны уюштуруучулардын бири, аталган университеттин түркология факультетинин мүдүрүнүн орунбасары Лайли Үкүбаева “Азаттыкка” маек курду.

Видео тасма Ооган тоолорундагы көчкү 160 кишинин өмүрүн алды

Ооганстандын Саланг ашуусунда кардын алдынан 160тай кишинин сөөгү чыкты. 8-февралда Гиндукуш тоолорунда көчкү жүрүп, ондогон автобустарды, жүк тарткан оор машиналарды көмүп калган. Куткаруучулар өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүн дешүүдө.

Энергетика жаатындагы саясат элдин тынчын алууда

Электрге болгон тарифтин эки эсе көтөрүлүшүнөн кийин энергетика тармагы четинен жеке колго сатыла баштады. Жарандык коомчулуктун өкүлдөрү бул маселени кеңири коомчулуктун талкуусуна алып чыгышууда.

Жашасын дагы бир Түркмөнбашы!

Түркмөнстанда Гурбангули Бердымухамедов жаңы бийликке келгенде, дүйнөдөгү эң жабык коомдордун катарындагы өлкөгө реформатор Горбачев келгендей сүйүнүшкөн.

Видео тасма Кыргыз киносунун күңгөйү менен тескейи

“Азаттык” үналгысынын кезектеги чыгарылышы Кыргызстандын кино тармагындагы маселелерине арналды.

Балтика деңизин куткаруу маселеси саммиттин күн тартибинде

Балтика деңизинин айланасындагы өлкөлөрдүн лидерлери бүгүн Хельсинкиге чогулду. Деңизди жана анын экологиясын коргоо саммиттин күн тартибиндеги башкы маселе.

10 Февраль 2010

Видео тасма С.Жумагулов: Ынтымак курултайы – чыныгы элдик курултай болот

Мамлекет башчынын демилгеси менен өткөрүлүүчү Ынтымак курултайы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Президенттик катчылыктын алдындагы эксперттик талдоо бөлүмүнүн башчысы Султан Жумагулов жооп берди.

Видео тасма Түркия-Армения: жарашууга карай узак жол

Түркия менен Армения дипломатиялык мамилелерди түзүү максатында Цюрихте жетишкен келишимге кол койгондон бери 4 ай өттү. Бирок келишимдерге киргизилбеген жаңы шарттардын күн тартипке коюлуп жатышынан улам жарашуу жараяны улам создугуп баратат.

Украина: демократияга карай татаал жол

Украинада эскичил система менен киндиктеш деп саналган саясатчынын президент болуп шайланышы бул өлкө демократиядан кайра тарттыбы деген суроону жаратууда. Көпчүлүк баяндамачылар мындай коркунуч жок экендигин белгилешүүдө. Ошол эле убакта 7-февралдагы шайлоонун кынтыксыз өткөндүгү пост-советтик мейкиндиктеги үмүттүү жылыш катары баалоого болот.

Роза Отунбаева «Москва жаңырыгына» маек курду

Жогорку Кеңештин социал-демократтар фракциясынын лидери Роза Отунбаева орусиялык абройлуу «Москва жаңырыгы» («Эхо Москвы») үналгысына Кыргызстандагы учурдагы жагдай тууралуу кеңири маек курду.

Биринчи экономика, демократия күтө турат...

Президенттин былтыр жарыяланган жаңылануу багытында негизинен экономикага көбүрөөк басым жасалат. Соңку кездердеги мамлекеттик стратегиялык ишканалардын менчикке кетишин да бийлик өкүлдөрү экономикалык зарылчылык катары көрсөтүшүүдө. Ушундай эле максат менен өкмөт тарифтерди да жогорулаткан. Деги өлкөнүн экономикалык багыты кайда алып барат?

Өзбекстан: Өнөрдү да соттосо болот

Өзбекстанда фото-сүрөтчү режиссер Умида Ахмедова өз чыгармачылыгы үчүн суракка алынып жатканын кабарлаган элек. Мына эми Ташкенде анын үстүнөн сот иши башталып, ал «өлкөнү жаманатты кылды» деген айып менен кесилип кете турган болууда.

09 Февраль 2010

К.Осмоналиев: Динди жамынып өз көз карашын таңуулаган шылуундар бар

Кыргызстанда көпчүлүк ата-энелер баласын окутуу үчүн мектепти эмес, медреселерди тандоодо. Мындай шартта алдыда сабатсыз муун көбөйөт деген коркунуч бар деген оюн Мамлекеттик дин комиссиясынын жетекчиси Каныбек Осмоналиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирген.

Видео тасма Ынтымак курултайы: тизмеден улам чыккан сөз

Кыргызстанда 23-мартта өтө турган Ынтымак курултайына делегаттарды тандоо иштери жүрүп жатат. Курултайды уюштуруу комитетинин өкүлдөрү бул иштерге бийликтин аралашуусу мүмкүн эместигин айтышууда. Ал арада айрым серепчилер делегаттарды тандоо жашыруун тизме менен жүрүп жатканын айтып жатышат.

Видео тасма "Азаттык+": Махабат толкунунда

"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы 14-февраль - Махабат күнүнө арналды. Дарыгерлер адам сүйүүгө кабылганда өзүн бактылуу сездирген гормондор өтө көп иштелип чыгарын, эгер сүйүүсүнө жетпей калса ал гормондор азайып, адамды жаман жоруктарга туш кылчу сезимдер күч алаарын айтышат. "Сүйүү - бул оору" деп койушат. Бул чынбы? Азыркы жаш муундун бул сезимге мамилеси кандай? Сүйүүнүн баркын кимдер билет? Мына ушул жана башка суроолорго жоопту бул берүүдөн таба аласыз.

Видео тасма Алай: жолугушууда мунаса табылган жок

Сегиз жылга эркиндигинен ажыратылган мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун отузга жакын тарапкери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү 9-февралда Гүлчө кыштагындагы райондук китепканада жолугушту. Бул жолугушууну “Кылым шамы” бейөкмөт уюму уюштурду.

Видео тасма М.Ниязов: Кыргызстан Конституцияны сактабаган өлкө

Ынтымак курултайынан оң натыйжа чыкпайт деп эсептейт саясатчы Мирослав Ниязов. Анын айтымында, бул курултайды элди сооротобуз деген жол менен өткөрүп атышат, бирок эми элди сооротой албай калды. Бул курултайдан эч кандай натыйжа чыкпайт.

Видео тасма Үзгүлтүккө учураган акция

Ленин райондук соту “Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Ө.Токтонасыровго байланыштуу Ленин РИИБи тарабынан козголгон административдик иш козгоо боюнча протоколун “толук толтурулган эмес” деп кайтарып берди. Буга Ленин РИИБнин кызматкерлеринин Ө.Токтонасыровго карата тергөөнүн иш кагаздары анын талабы менен кыргыз тилинде жазылбай, орус тилинде толтурулганы себеп болду. Сот Ленин РИИБ тарабынан Ө.Токтонасыровдун укугу тебеленгенин да белгиледи.

“Шайлообек залкар акын”

Белгилүү адабиятчы Абдыкадыр Садыков жаңы басылып чыккан “Жоомарт, Чыңгыз жана Шайлообек” аттуу монографиясында Жоомарт Бөкөнбаевдин, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыктарын залкарлар катары иликтеп, алардын катарына Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевди да кошот.

08 Февраль 2010

Видео тасма Украина: шайлоо кимдин багын ачат?

7-февралда Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Алдын-ала жыйынтыктар боюнча “Региондор” партиясынын лидери Виктор Янукович алдыда баратат. “Азаттык” шайлоого Кыргызстандан байкоочу болуп барган Жанарбек Акаев менен байланышты.

Видео тасма Т.Азимов: Орусиянын жарандыгын алгандар кайтып келет

Орусиянын миграция кызматынын маалыматы боюнча өткөн жылы 41 миң кыргызстандык орус жарандыгын алган. Адистер бул Кыргызстандагы чакан бир шаардын эли менен барабар экенин айтып, жыл сайын бирден шаар жок болуп жатканына тынчсызданууларын билдирип жатышат.

Н.Уолкер: Кыргызстандык жаштар активдеше баштады

Кыргызстан жаштарын ойлондурган маселе - жумушсуздук жана кирешелүү жумуш табуу болуп эсептелет. Мындай жыйынтык Кыргызстан жаштарына арналган адам өнүгүшү боюнча Улуттук баяндамада айтылгандыгын Бириккен Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Уолкер “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди.

Видео тасма Украина: Шайлоодо В. Янукович алдыда

Украинада 7-февралда өткөн президенттик кайра шайлоодо алдын ала маалыматтар боюнча оппозиция лидери, кремлчил Виктор Янкуович алдыда баратат. Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын 50 проценти эсептелгенден кийин Янукович үчүн шайлоочулардын 49,6 проценти, премьер-министр Юлия Тимошенко үчүн 44,7 проценти добуш бергенин маалымдады.

07 Февраль 2010

Асанкалый Керимбаев - махабат ырларынын жарчысы

Кыргыз угуучуларынын арасына мукамдуу ондогон обондору ырдалып, жадыраган жаркын элеси көкүрөктөрүндө жашап келе жаткан айтылуу обончу, ырчы, Эл артисти Асанкалый Керимбаев тирүү болгондо 7-февралда 60 жашка чыкмак.

Д.Үсөнов: Адам өзүнө-өзү нааразы болуп калды

Электр кубатына баанын көтөрүлүшүнө, А.Мадумаровдун “Азаттыкка” берген интервьюсуна карата эл ичинен ар кандай ой-пикирлер келип түшүүдө.

Видео тасма Шаар башчы: биринчи орунда - тартип

Бишкек шаарынын башчысы Нариман Түлеев 2009-жылдын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Шаар башчысынын айтымында, анын ишинде тоскоолдуктар да болууда.

БЭК: Бар бололу же жок бололу...

Бириккен элдик кыймылы демократиялык-укуктук мамлекет куруу жолунда чечүүчү күрөшкө чыгууну пландоодо. Бул тууралуу БЭКтин 6-февралдагы жыйынында айтылды. Айрым саясий ишмерлердин айтымында, БЭКтин мүчөлөрү бийликке келсе эле заман оңолуп кетпейт.

06 Февраль 2010

"Улукман": Үшүктүн кесепеттери

Энелердин, балдардын саламаттыгын көзөмөлдөөнү жакшыртуу максатында аймактарга борбор менен байланышта турган телемедицина аппаратуралары орнотулууда. Быйылкы кышта Бишкекте үшүктөн 7 адам каза болду.

Румыния Европаны Ирандын ракета чабуулунан коргойт

Румыния АКШнын ракетадан коргонуу системасынын бир бөлүгү болууну каалайт.

Видео тасма Украина: шайлоодо ким утса да Орусия үчүн ыңгайлуу

7-февралда Украинада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт. Президенттик кызмат үчүн өкмөт башчы Юлия Тимошенко менен “Региондор” партиясынын лидери Виктор Янукович ат салышууда.

Мазен Али: Шайлоодо акыркы сөздү эл айтат

Иракта 7-мартта болчу парламенттик шайлоо алдында саясый таймаштар күчөдү.

05 Февраль 2010

Б. Арстанбекова: Миграция комитети формалдуу иштеп жатат

"Акыйкат жолу" коомдук уюмунун жетекчиси Бүбайша Арстанбекова мигранттардын курчуган маселесин чечүүгө мамлекеттик органдардын иш-аракети жеткиликтүү болбой жатат деп сынга алууда.

Таласта дарыгерлер жетишпейт

Кыргызстандын алыскы айылдарына эл аралык уюмдар эмканаларды куруп беришүүдө. Бирок айыл тургундар эмканаларда жогорку билимдүү дарыгерлер иштебегендиктен, район, облустук ооруканалар алыс болуп, айрым учурда өмүргө коркунуч тууларын айтышууда.

Президент Ющенконун "вендеттасы"

Украинадагы президенттик кайра шайлоонун чечүүчү экинчи айлампасына эки күн калганда “Президентти шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизилди.

БУУ: Карыялар дискриминацияга көбүрөөк кабылууда

Бириккен Улуттар уюмунун маалыматына ылайык, 2050-жылга карата дүйнөдөгү ар бир бешинчи киши 60 жаштан улуу болот. Бирок айрым өлкөлөрдө улгайган кишилер дискриминацияга көп кабылып келет. БУУ улуу муундун өкүлдөрүн коомдук турмуштан четте калтырбоо, аларга ар дайым камкордук көрүү керектигин белгилейт.

Ынтымак курултайын кимдер жандап калды?

“Ак шумкар” партиясы айрым саясий жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрүн, эксперттерди чогултуп, президент чакырып аткан Ынтымак курултайы тууралуу талкуу өткөрдү. Айрым талдоочулардын пикиринде, аталган партиянын жетекчиси Темир Сариев жаңы оппозициялык күчтү айланасына топтоого аракеттенгендей.

Видео тасма Кымбаттоолор токтобойт өңдөнөт

Өткөн айда Монополияга каршы агенттик отун-сууга баалардын жогорулашынан улам, азык-түлүк, курулуш материалдары, тейлөө кызматынын баалары өсөт деп маалымдаган. Адистер учурда кымбаттоолор башталганын, мындан ары да баалар жогорулоонун гана үстүндо болоорун айтышууда.

Украина: Кайра шайлоонун "шахматтык жүрүштөрү"

Украин парламенти президенттик шайлоонун чечүүчү экинчи айлампасына үч күн калганда “Президентти шайлоо жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизди.

Бурятияда үч кыргыз соодагерин атып кетишти

Бурятияда жети кишини атып кетти деп шектелген беш адам кармалды. Киши колдуу мерт болгондордун экөө Орусиянын жарандыгын алган кыргыз жигиттери экени аныкталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров маалымдады.

04 Февраль 2010

С. Жумагулов: Мельникоффдун чырынан Кыргыз-Америка алакасы бузулбайт

Cүрөтчү Сергей Мельникоффдун чырына байланыштуу "Азаттык" менен Президенттин Катчылыгынын эксперттик-талдоо кызматынын башчысы Султан Жумагулов ой бөлүштү.

Видео тасма А.Момунтаева: Кыргызстанда укуктар сакталбай калды

3-февралда Таласта “Манас-1000” бейөкмөт уюмунун электр кубатынын кымбатташына байланыштуу жыйыны өтпөй калды. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна Талас облусундагы акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлү Арзыкан Момунтаева жооп берди.

03 Февраль 2010

Кыргызстандагы кытайлашуу сарсанаасы

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети кытай тили боюнча мектеп куруу тууралуу кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн келишимин жактырды. Ага ылайык, кытай өкмөтү элүү миллион юанды Бишкекте мектеп куруу үчүн кайтарымы жок берет. Мектеп бир жарым жылдын ичинде салынып бүтөт. Ал арада айрым серепчилер Кыргызстанда кытайлашуу жараяны башталганын, мунун алдын алуу боюнча иш-аракеттер көрүлүшү керектигин айтып жатышат.

Уюлдук байланыштагылар уюшуп алышканбы?

“Ак жол” фракциясы уюлдук байланыштын 60 тыйынга кымбатташы тууралуу маалыматтарды угуп, маселе бир жаңсыл чечилгиче кымбаттоону токтотуу боюнча өкмөткө сунуш жолдоду. Уюлдук байланыш компаниялары болсо чалууларды кымбаттатууга мажбур болушканын айтышат.

Видео тасма Кыргызстандан жылына бир шаар калкы көчүп кетүүдө

Жыл сайын кырк миңден ашуун кыргыз жараны орус жарандыгын алып, Россияда байыр алып калууда. Бул өлкөдө жыл сайын бирден чакан шаардын калкы көчүп кетип жатканын билдирет.

Видео тасма Кедерине кеткен сөз эркиндиги

Бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандагы журналисттерге кол салуулардан улам, сөз эркиндигинин абалы күн санап артка чегинип жатканына тынчсызданышууда. Ал ортодо жергиликтүү медиа уюмдар да журналисттердин коопсуздугун кантип камсыздоо керек деген маселени байма-бай талкуулап, уруп-сабоолорду алдын-алуунун жолдорун издешүүдө.

Видео тасма Ынтымак курултайы: жоопсуз суроолор

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы 23-мартка белгиленип жаткан Ынтымак курултайына арналды.

Көк-Жаңгакта күрттөрдүн көчүп кетишин талап кылышууда

2- февралда Көк-Жаңгак шаарында болгон нааразылык жыйынына катышкандар күрт улутундагы адамдардын апрель айына чейин шаардан чыгып кетүүсүн талап кылышты. Алар 8 жашар кызды зордуктады делип жаткан 21 жаштагы күрт жигитин эл алдында ачык соттоону билдиришти.

Видео тасма Орусия: Улутчулдар тууралуу тасма убара тартууда

“Орусия 88” деп аталган көркөм тасма былтыр Берлиндеги кинофестивалда бет ачарын өткөргөн соң өлкөнүн өзүндө көргөзүлүп, бир катар сыйлыктарга арзыды. Бирок орус скинхеддери тууралуу баяндаган фильм ошол эле учурда айыптоолорго да кабылып, Орусиянын ашынган улутчулдар боюнча туруму олку-солку экенин да көргөздү. Фильмге эми экстремисттик чыгарма катары тыюу салынып калуусу да мүмкүн.

Швеция+Польшанын чакырыгын АКШ менен Россия угабы?

Швеция жана Польша Европадагы ядролук тактикалык куралдарды кыскартууну өтүнүп, АКШ менен Россияга кайрылды.

02 Февраль 2010

“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерет”

1-февралда Кыргыз улуттук китепканасында кыргыз элинин туңгуч тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулунун 135 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды. Анын “Кыргыз тарих-и Кыргызия”, “Тарих-и Кыргыз Шадманийа” китептери кыргыз элинин тарыхын изилдеген баалуу эмгектер болуп саналат.

Каржалган мигранттар өкмөткө кайрылды

Казакстанда иштеген жүздөн ашуун кыргызстандык мигранттар Бишкекте нааразылык акциясына чыкты. Алар Казакстанда соңку бир жылда соода кылууга таптакыр мүмкүн болбой калганын айтып даттанышты, бул маселени чечип берүүгө бийликке эки жумадай убакыт беришти.

Кучма: Тимошенко-Янукович Украинага саясый стабилдүүлүк алып келбейт

Украин бийликтери өлкөнү далыдан басып, жерге ныкырган проблемаларды жөндөөгө кудуретсиз болууда. Бул экс-президент Леонид Кучманын пикири.

Видео тасма Өкмөт майып студенттерге кол сунабы?

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жогорку окуу жайларда келишимдик негизде окуп жаткан жүздөн ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерди бюджеттик негизге которуу сунушу менен өкмөткө кайрылды.

Келтектен өлгөн өспүрүм, кечирим алган күнөөкөрлөр

Бакай-Ата райондук соту бир окуучунун өлүмүнө алып келген «мектеп зөөкүрлүгү» боюнча ишти карап бүтүп, чечим чыгарды. Бир жыл мурда мектепти бүткөн эки өспүрүм бала айыптуу деп табылып, ар бири үч жылдан шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Төрт бала кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду. Жабырланган тарап айыпталгандарды кечиргендиктен жеңил жаза берилгенин билдирди.

01 Февраль 2010

Видео тасма "Азаттык +": Кышкы эс алуунун ырахаты

“Азаттык+” жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы кышкы эс алууга арналды. Берүүдө аймагынын 90 пайызын тоо ээлеген Кыргызстанда кышкы эс алуу жайларынын өнүгүшү жана катардагы эс алуучулар үчүн кандай шарттар бар деген маселе козголду.

Видео тасма Түркия менен Армениянын мамилеси чоң сыноодо

Армения менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык байланыштарды түзүүнү көздөгөн элдешүү жараяны туңгуюкка кептелгени байкалат.

"Улукман": Гаймориттен сактангыла!

Адамдын денесине чыккан сөөлдүн зыяны барбы? Гайморит же мурундун бүтүшү өнөкөткө айланып, ириңди пайда кылышы мүмкүн.

Оппозиция от алып келатабы?

Коомчулукта азыркы бийликке нааразы болгондор барган сайын көбөйүп баратканын айткан кыргыз оппозициясы жаз айларында ири иш-чаралар болушунан үмүттөнүүдө. Ал арада өлкө тышындагы кыргызстандыктар азыркы режимге каршы кыймылдарды уюштура башташты.

Видео тасма Чек ара коопсуздугу колго алынабы?

Учурда чек араларды комплекстүү башкаруу стратегиясы жазылууда. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү, Европа комиссиясынын чек ара копсуздугу боюнча БОМКА программасынын Кыргызстандагы жетекчиси Руслан Байыштегин “Азаттыкка” маек курду.

Февраль 2010

Ай, жыл тизими

Түрмөк тандоо :
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу