Коноктор Швеция парламентиндеги ''армян геноциди'' боюнча өтүп жаткан талкууну тамаша кылып отурушат. 11-март 2010
12.03.2010 Швеция парламентинин 1915-жылы Осмон империясында болгон армян кыргынын “геноцид” деп тааныганына Анкара саясый демарш менен жооп берди: Стокгольмдогу элчисин чакырып алды. Толук
“Көп түкүрсө көл болот”, “талаштан тактык жаралат”... Кыргыздын учкул сөздөрү, макал-ылакаптары, түпкү сөздөрү (руна сымал жазмаларды, Махмуд Кашгарини, жомок-дастандарды, Юдахин сөз корун, классик акын-жазуучулардын эмгектерин караңыз), өздөштүрүлгөн сөздөрү (Карасай-сөздүктү караңыз), диалект катары “жерилген” сөздөрү (Мукамбай-сөздүктү караңыз) жана азыркы кылымдын босогосунан аттагандан берки жаңы сөздөрү (алар үчүн заманбап сөздүк да жокко эсе) чогулуп, жалпы тил казынанын ажырагыс бөлүгү катары эне тилибиздин ажарын ачып турат. Келиңиздер, эне тилибиздин жана кыргыз сөз таануу илиминин көйгөйлөрүн чогуу талкуулайлы. Бул шеринебиз ар бир ыктыярдуу катышуучунун эч бир жерде милдеттүү болбой турган сунуштарына жана пикирлерине орун бермекчи. Балким, алардын алгылыктуусун жаңы муун өзү ылгап алаар.
Соңку пикирлер: (709 - жалпы саны)