Украин аскерлери оккупацияланган Крымга кеткен жолдорго жана логистикага сокку урууда. Жарым аралда күйүүчү май тартыштыгы майдын этегинен бери сезилип жатат. 8-июнда дрондордун бири поездге тийгенде темир жол кыймылы үзгүлтүккө учураганы маалымдалган.
7-июндун кечинде Иран Израилге бир нече ракета аткандан кийин ЦАХАЛ Ислам жумуриятындагы аскердик жайларга сокку урганын билдирди. Тегеран өз чабуулун израилдик аскерлердин Бейрутту бомбалаганына жооп чара деп атаган. Израил "Хезболла" согушкер тобунун Ливандагы буталарына чабуул койгонун айтууда.
“75чилердин каты” боюнча сот иши улантууда. Айыпталуучулардын отурумду ачык өткөрүү өтүнүчүн судья четке какты. Кошмо Штаттар менен Израил Иранга каршы согуш баштаганына 100 күн болду. Өткөн түнү Израил менен Иран кайрадан бири-бирине сокку урду.
Армениядагы парламенттик шайлоодогу бюллетендердин жыйынтыгы Никол Пашиняндын "Жарандык келишим" партиясы жеңгенин көрсөтүүдө.
Бишкектеги белгилүү “Тюбетейка” кафесинин кожоюндары тамактануучу жайды башкалар рейдерлик менен тартып алып жатканына даттанып чыгышты. Интернетте кафедеги ызы-чуу тартылган видео да тарап, коомчулукта резонанс жаратты.
“75чилердин каты” боюнча сотко экс-элчи Ибрагим Жунусов, мурдагы депутат Иса Өмүркулов келди. Бул иште үч жашыруун күбө бардыгы белгилүү болду. Бээжиндеги Тяньаньмен аянтындагы кыргынга 37 жыл болду. Индиядагы мейманканадагы өрттөн үч кыргызстандык каза болду.
Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. 3-июнда өткөн шайлоодо Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн Филиппин менен ат салышып, 4-жолку айлампада 142 мамлекеттин добушун алды.
Президент Садыр Жапаров Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча кеңешти агенттик кылып өзгөрттү. Ал криптовалюта жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн туруктуу орган болмокчу.
Орусия Украинага негизсиз кол салып, кеңири масштабдагы согуш башталгандан бери төрт жылдан ашык убакыт өтүп, жарандык инфраструктурага көп жолу сокку урулса да, орус армиясынын соңку аба чабуулу украиналыктардын үрөйүн учурда.
Президент Садыр Жапаров Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча кеңешти агенттик кылып өзгөрттү. Ал криптовалюта жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзгөн туруктуу орган болмокчу. Жапаров тиешелүү кеңешти былтыр түзгөн жана эл аралык Binance криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаону өзүнө кеңешчи кылып алган. Бийлик анын жардамы менен Кыргызстандын алгачкы USDKG криптовалютасын чыгарган. Аз күн мурдараак Улуу Британия Кыргызстандын дал ошол компаниясына санкция салды.
"Система" долбоорунун колуна Орусиянын президенти Владимир Путин менен мурдагы гимнаст Алина Кабаеванын уулдарын тарбиялоого чет элдик адистер жалданганы тууралуу документтер менен каттар тийди.
Быйыл 30-июндан тарта Орусияда мигранттарды көзөмөлдөгөн дагы бир тиркеме - RuID ишке кирет. Ага ылайык, Орусияга кирүүнү каалагандар эң кеминде 72 саат мурда тиркемеден арыз толтурушу керек. Аны колдонууга чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандык эмгек мигранттары, студенттер милдеттүү болот.
Дагы жүктөңүз