Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов террордук коркунучтардын алдын алуу аракеттери жана Сириядагы кыргызстандык аялдар менен балдарды кайтарууга байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Орусия бир нече жумадан бери артиллериялык, ракеталык, дрон чабуулдарын күчөттү. Киев абадан коргонуу системасы үчүн курал-жарак, ок дары түгөнүп баратканын кайталап, АКШдан жардам пакетин тезинен бекитүүнү суранып жатат.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы интернет провайдерлерге ТикТок платформасын бөгөттөөнү тапшырды. Өткөн жылы Маданият министрлиги бул социалдык тармакты тыюу чечимин чыгарган.
Тажикстан түрк жарандарына виза режимин киргизди. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү 15-апрелде "Азаттыктын" тажик кызматына билдиргендей, виза режими быйыл 20-апрелден тарта күчүнө кирет. Бул Түркиянын Тажикстандын жарандары үчүн визасыз режимди жойгонуна жооп катары каралууда.
2022-жылы Казакстанда болгон Январь окуяларында күч кызматкерлеринен токмок жеген кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун иши казак Башкы прокуратурасына өттү.
Батыш Казакстан облусуна караштуу Орал шаарынан он чакырымдай алыстыктагы Желаево айылынын эли суу ташкындын экинчи толкунуна даярданууда. Анткени коңшу Орусия Урал дарыясына (казакча Жайык) агызган суу кескин көбөйүп, өзөн боюндагы айылдарды суу каптаган.
Иран 14-апрелге караган түнү Израилдин аймагына 300дөн ашуун канаттуу жана баллистикалык ракета, дрондор менен абадан сокку урду. Бул ондогон жылдардан бери жаатташып келаткан Израилдин аймагына Тегеран түз жасаган биринчи чабуул болуп калды.
14-апрелге оогон түнү Иран Израилге учкучсуз учак жана ракеталар менен сокку урду. Бул көптөн бери касташып келген эки өлкө ортосундагы түздөн-түз жаңжалдын жаңы деңгээли болуп калды.
Орусиянын Оренбург шаарында суу ташкындан кыргыздар дагы жабыркады. "Азаттык" орус жарандыгын алган кыргыз тектүү 10дой үй-бүлөнүн там-ташы суу астында калганын тактады.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москва шаарында жана Донецктеги теракттардын алдын алганын билдирди. Эки шаарда тең күч органдары Борбор Азия мамлекеттеринин жарандарын кармашты, бирок алар кайсы мамлекеттен барганы азырынча тактала элек. Кармоо учурунда шектүүлөрдүн бири өлтүрүлгөн.
Москвадагы кыргыз дипломатынын үй-бүлөсүнө жасалган орой мамилени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги айыптап, нота тапшырды. Мунун алдында орус полициясы элчиликтин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үйүнүн эшигин бузуп кирип, күч колдонгону кабарланган.
Дагы жүктөңүз