Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Кумтөрдө кезектеги чыр


Жети-Өгүздөгү айрым жаштар кыймылынын мүчөлөрү Кумтөр алтын кенине кеткен жолду бөгөштү.

Өздөрүн "Жаштар кеңеши" кыймылы деп тааныштырган эки жүз чамалуу жарандардын тобу Барскоон аймагындагы Кумтөргө кетчү жолду эки күндөн бери бууп турат. Жолдун эки четине боз үйлөр тигилип, каршылык акциясынын катышуучулары алтын казуучу компаниянын автоунааларын Кумтөрдү көздөй өткөрбөй коюшкан.

Акцияны уюштургандардын бири Нарис Калчаев мындан алты ай мурун коюлган талаптарга кулак какпай коюшкандыктан ушундай кадамга барууга аргасыз болушканын белгиледи:

- "Кадр маселесин карагыла, жолду оңдогула, экологияга көзөмөл кылгыла, акчанын кайда кетип жатканын эл билсин" деген сыяктуу талаптар коюлуп, алты ай мурун эле губернатор маселени чечебиз деп убада кылган. Бирок он эки күндө чечебиз дегенден бери алты айдын жүзү болду. Мына ошондуктан булар бизди баары бир укпайт экен деген негизде мына ушундай кадамдар менен алардын көңүлүн бурдуртууга аргасыз болуп атабыз.

Маңдай-тескей сүйлөшүүлөр

Каршылык акциясында алтын казууда химикаттарды колдонууга элдик көзөмөл жүргүзүү, экологияны калыбына келтирүүгө бөлүнчү каражаттын өлчөмүн он эсе көтөрүү, экологиялык лаборатория куруу жана жолдордун абалын жакшыртуу сыяктуу талаптар айтылууда.

Ошондой эле алтын казуучу компаниянын каржылык отчетунун ачык-айкындыгын камсыздоо жана үч жыл ичинде Ысык-Көлдү өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражат кимдин пайдасына жумшалып жатканын аныктап берүү сыяктуу маселелер көтөрүлүүдө.

“Кумтөр-Оперейтинг” компаниясынын өкүлү Акылбек Дүйшөнбиев учурда каршылык акциясынын өкүлдөр тобу менен сүйлөшүүлөр улантылып жатканын белгиледи:

- Азыр сүйлөшүү “Толкун” деген пансионатта өтүп жатат. Коюлган талаптардын ар бири боюнча сөз болуп, анын негиздүүлүгү талданууда. Мына ошол коюлган 20 талаптын жарымы боюнча сүйлөшүп бүттүк. Биздин компаниянын эки вице-президенти, өкмөттүн өкүлү, облустун губернатору жана райондун акими сүйлөшүүгө катышууда.

Аттары аталбаган шыкакчы күчтөр

Буга чейин “Кумтөрдүн” ишмердигин иликтеп чыгуу боюнча дагы бир жолу депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. Аталган комиссия үч айдан ашуун убакыттан бери иликтөө иштерин жүргүзүп келатат.

Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Садыр Жапаров жол тосуунун артында өзүнүн жеке кызыкчылыгын караган айрым бир саясий күчтөр бар деп билдирди:

- Жолду тосуп алып, ар кандай дооматтарды коюп алышып, анан мага жеткен маалымат боюнча акча талап кылып жатышыптыр. Мен мына ошол топтун башчылары жол тоскону жатабыз дегенде “мыйзамдуу жол менен гана маселени чечиш керек” деп айткан элем. Бирок ага карабастан эле алар жолду тосуп алышыптыр. Эми ал жерде бир аял, эки эркек саясатчы мына ошонун артында турат деген маалымат бар. Бирок мен алардын аттарын атабай турайын.

Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда президент Алмазбек Атамбаев да өлкөдөгү алтын кендерине байланыштуу жергиликтүү элди негиздүү жана негизсиз талаптарды көтөрүүгө шыкакчы болгон ички-тышкы күчтөр бар экендигин айтып, бирок алардын атын ачык атаган эмес болчу. Бирок жол тосууну уюштуруунун артында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары турат деген маалыматтар бар.

Буга чейин парламент трибунасынан “Кумтөрдү” бирде колдоп, бирде сындап келген саясатчылардын бири Кубанычбек Исабеков андай иштерге тиешеси жок экендигин белгиледи:

- Мына ошол акцияны каржылап жатышат деп да чыгарышыптыр. Мен жеке өзүм андай иштерге бир дагы тыйын жардам берген эмесмин. Менин өзүмдүн маселелерим көп. Мен андай иштер менен алектенбейм. Эгерде ал иним мени ошолордун катарында деп ойлоп жаткан болсо жаңылышат. Бирок ошол уюштурган жигиттер мага келип, “Кумтөр” боюнча түшүнбөгөн маселелери боюнча менден сурашканы чын.

“Кумтөр-Оперейтинг” компаниясынын өкүлү Акылбек Дүйшөнбиев жол тоскондордун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр төрт саатка созулуп, кечки саат алтыга карата дагы деле улантылып жаткандыгын билдирди. Ошол эле кезде компания өкүлдөрү жол тосуудан өндүрүш жабыркай тургандыгын эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG